mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ала-Бука-Жаңы-Базар унаа жолу кар көчкүдөн тазаланып, бир тилке менен өтүүгө уруксаат берилди.

2023-жылдын 20-февралында саат 22:40та Ала-Бука-Жаңы-Базар унаа жолу кар көчкүдөн тазаланып, унааларга бир тилкелүү кыймыл берилген. Жол тилкесин тазалоо үчүн бул жерге Каныш-Кыя айыл өкмөтүнөн 1 жүк ташуучу унаа, Транспорт жана коммуникация министрлигинин №27-ЖТИнын 1 жүк ташуучу унаа, 1 бульдозер, Чапчымдагы алтын казуучу ишканадан 1 жүк көтөргүч, 1 жүк ташуучу унаа алынып келинди. Терек-Сай айыл өкмөтүнөн жана Эки баатыр ишканасынан 1 жүк ташуучу унаа, алтын казуучу Иштамберди «Фулл Голд Майнинг» ишканасынан 1 жүк көтөргүч, жалпысынан 6 даана оор жүк ташуучу техника жана 26 жумушчу жогоруда аталган унаа жолду 38 чакырымдан 101 чакырымга чейин кар көчкүдөн 4 күндүн ичинде тазалашкан. Алдын ала маалыматтар боюнча түшкөн кар көчкүнүн көлөмү 180 миң куб метрди түздү, түшкөн кар массасынын калган көлөмү  дагы такталууда.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы