mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ала-Бел ашуусундагы 216-чакырымдан 224-чакырымга чейин жана 20-86-чакырымга чейин кар күрткүлөрү тазаланып, унаа жолу эки тарапка тең ачык.

Кыргызгидромет билдиргендей, 2023-жылдын 1-мартында өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу автожолдордо кар күрткүсү, кар жаайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метр.

Чүй облусунда +10…+15; Таласта +10…+15; Баткенде +11…+16; Ош, Жалал-Абад облустарында +11…+16; Ысык-Көлдө +3…+8, Нарында -4…+1.

КР ТжКМнин «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №23 жол тейлөө ишканасы тарабынан Ала-Бел ашуусундагы 216-чакырымдан 224-чакырымга чейинки тилке жана Торкент-Толук-Сары-Камыш унаа жолунун 20-86-чакырымына чейинки тилкеси кар күрткүлөрүнөн тазаланды. Жол эки тарапка тең ачык.

Ысык-Көл облусунун бардык жолдору унаалар үчүн ачык. Сөөк жана Чоң-Ашуу ашууларында жолдор ачык, айрым тилкелерде кар күрткүлөрү пайда болуп, учурда жолдун жээгинен тазалоо иштери жүрүп жатат.

Көк-Мойнок-Кубакы унаа жолунун 0-26-чакырымында Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №955 ЖТИнын кызматкерлери тарабынан тайгакка каршы материалдарды чачуу иштери жүрүп жатат,каттам үчүн жол ачык.

2023-жылдын 1-мартында Көк-Бел, Өтмөк, Чапчыма, Чыйырчык, Чар, Акбейит, Торугарт, Кызарт, Карагоо сыяктуу ашууларда аба ырайы ачык, бул жерде ЖТИ кызматкерлери жолдорду кеңейтүү иштерин жүргүзүүдө, суу өткөргүч түтүктөрүндө музду жардыруу, эски куураган бутактарды бутоо, жолдун жээгиндеги таштандыларды жана таштарды тазалоо, ошондой эле муз тоңгон жерлерде инерттүү тайгакка каршы  материалдар менен толтурурулуп жатат .

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн жалпак жерлердеги кардын чынжырларын алып салуу керек.

 

КР ТжКМнин басма сөз кызматы