mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 49 22
KG   RU   EN

Ак-Терек-Папан-Кожокелең унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Ош облусуна караштуу Ак-Терек-Папан-Кожокелең унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №21 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери иштеп жатышат.

Аталган жолдун 14,5-19,5 чакырым аралагына асфальт жаткыруу иштери кечээ, 5-июнда башталган. Быйыл Ак-Терек-Папан-Кожокелең унаа жолунун 5 чакырымын оңдоо каралган. Баса белгилеп кетчү жагдай, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы