mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Аймактарда аткарылган иштер туурасында маалымат

Бөкөнбаев-Көл-Төр-Дөң-Талаа унаа жолунун 45-46-чакырым аралыгында суу өтүүчү түтүктөрдү алмаштыруу иштери жүрүүдө.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы жол элементтери акталып, сырдалып, тазаланып жатат.

Мырзаке-Кара-Шоро жолунун 23-24-чакырым аралыгында асфальт басууга даярдык, ал эми аталган жолдун 18-чакырымында эски асфальтты сыйруу иштери жүрүүдө.

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 23-25-чакырымында жаралган аң-чөнөктөрдү жамоо иштери жүрүп жатса, 70-75-чакырымы автогрейдер менен тегизделүүдө.

Нарын шаарынын ички көчөлөрүнө асфальт-бетон катмарын төшөө иштери кызуу жүрүүдө.
Ош-Баткен-Раззаков (жаңы багыты) унаа жолундагы жол элементтерин актап, сырдоо, ал эми Ош-Баткен-Раззаков (эски багыты) жолунда эски асфальтты сыйруу жана жол четин калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Ошондой эле Самаркандек-Мадиген-Жети-Таш унаа жолун куруу иштери жүрүп жатат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы