mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Аймактарда асфальт төшөө, аң-чөнөктөрдү толтуруу, жол элементтерин актап, сырдап алмаштыруу иштери кызуу жүрүүдө

Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Капчыгай айылынын жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Жеринде №2 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатышат. Жалпы 3 чакырым жолго асфальт басылат.

Ак-Ордо конушундагы Э. Иманалиев көчөсүндө лоток коюу иштери жүрүүдө.

Манас унаа жолуна асфальт төшөө иштерине даярдыктар көрүлүүдө.

Кербен-Ала-Бука-Чаткал унаа жолунда жаралган аң-чөнөктөрдү жамоого даярдык иштери жүрүүдө.

Суусамыр- Талас-Тараз жолунун 20-23-чакырым аралыгындагы аң-чөнөктөрдү толтуруу, жол элементтерин актап, сырдоо жумуштары аткарылууда.

Нарын шаарынын ички көчөлөрүн оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы