mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Айгүл-Таш-Согмент-Таян жолуна асфальт төшөө иштери башталды

Ушул эле аталыштагы облустун Баткен районунда ички жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатат.Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, учурда Баткен-Кара-Бак, Айгүл-Таш-Согмент-Таян, ошондой эле Баткен-Бүжүм-Кызыл-Жол жолдору оңдолууда.
Бүгүнкү күндө Баткен-Бүжүм-Кызыл-Жол жолунун 10 чакырымына асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
Аткарылган иштерге каражат республикалык бюджеттен каржыланды.
Ишти «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.
Жолдун жалпы узундугу 15,7 чакырымды түзөт.
Аталган жол Баткен районунун Согмент, Газ, Чарбак, Таян, Кыштут, Кош-Көпүрө, Тунук-Суу, Кан, Сары-Талаа, Жаңырык, Кайыңды, Дөңмон, Зардалы конуштарын жана «Коргон» чек ара тосмосунан райондук жана областтык борборго чейин.
Сметалык баасы 23,3 миллион сомду түзөт.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы