mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Айгүл-Таш-Согмент-Таян автожолунун курулушу боюнча 2018- жылдын 7- февралына карата маалымат

Негизи:   Кыргыз Республикасынын 4.08.2009-жылдагы №444-б буйругу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 29.06.2012-жылдагы №2195-V менен бекитилген, озгочо статуска ээ болгон Кыргыз Республикасынын айрым чегара чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык онуктуруу боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу жана Баткен облусунун Баткен районунун инфраструктурасын биринчи кезекте жакшыртуу. Сох анклавынын айланасында жашаган калкка практикалык жардам корсотуу максатындагы 28.01.2013-жылдагы №19-б буйругу.

Максаты:  Согмент, Газ, Чарбак, Таян, Кыштут, Кош-Көпүрө, Тунук-Суу, Кан, Сары-Талаа, Жаңырык, Кайыңды, Дөңмөн, Зардалы  айылдарына жана “Коргон” чек ара тозотуна райондун, облустун борборуна чейин көзкарандысыз автоунаа каттамын камсыз кылуу. Жалпы калктын саны 11 мин киши.

Айгул-Таш-Согмент-Таян автожолунун курулушу 3 участкадан турат, жалпы узундугу 15,7 чакырым, жалпы сметалык баасы 237,1 млн.сом (2010-жылга карата). Долбоор боюнча асфальтобетон каптамы каралган эмес.

2009- жылдын апрель-май айларында Озбек Республикасынын Сох анклавынын Кыргыз Республикасы менен чектеш участкаларында  эки тараптын чегара кызматкерлеринин  ортосунда ар кандай маселелердин негизинде бир нече жолу кагылышуу болуп, Озбек тарап Сох анклавында жолду жаап салгандыктан жогоруда аталган айылдарга автоунаа байланышы узулгон. Себеби Кыргызстандын айылдарына Озбекстандын Сох анклавы  аркылуу отуучу унаа жолунан башка жол жок болчу. Тузулгон кырдаалдын негизинде элдердин жана жергиликтуу бийликтердин кайрылуусу менен Кыргыз Республикасынын Президенти К. С. Бакиев унаа жана коммуникациялар министрлигине Кыштут, Дара жана Торт-Гул айылдык окруктарынын калктуу пункттарынын ортосунда 2 айлык моонотто коз карандысыз жол менен камсыз кылуу тапшырмасын берген.

2009 жылы май айында узундугу 6 чакырым болгон  Согмент-Чарбак участкасында  “Империя Груп”  ЖЧКсы тарабынан курулуш иштери башталып, ошол жылы убактылуу автоунаа каттамы ачылган. Бирок жолду кенейтип серпантиндерде чукул ойдолушторду жана бурулуштарды калыбына келтируу  керек болгон. Жалпы аткарылган жумуштун колому 16,2 млн. сомду тузгон.

2010-жылы жол курулушун Жалалабад курулуш башкармалыгы  улантып, узундугу 7,2 чакырым болгон Айгул-Таш-Согмент жана узундугу 2,5 чакырым болгон Чарбак-Таян участкаларында  курулуш иштерин аткарган.  Аткарылган жумуштун колому 6,6 млн. сомду тузгон.

2011-жылы курулуш иштери улантылып, 56,7 млн. сомдук жумуш аткарылган. Убактылуу автоунаа каттамы ачылган.

2012 -жылы  аткарылган жумуштун колому 2,4 млн. сомду тузгон.

2013-жылы жолдун ойдолушторун тушуруп, чукул бурумдарды кенейтуу боюнча жумуштар жасалып, аткарылган жумуштун колому 22,5млн. сомду тузгон.

2014-2016-жылдары акча каражатынын тартыштыгынан курулуш иштери жургузулгон эмес.

2017- жылы 9,1 млн. сомдук жумуш аткарылды.

Курулуш башталгандан бери аткарылган жумуштун колому 123,8 млн. сомду, бөлүнгөн акча каражаты 121,8 млн. сомду түзот. Аткарылган жумуш сметалык баага салыштырмалуу 52% ды тузот. Бугунку кундо бул жолдо  серпантиндерде ойдолушторду тушуруп, чукул бурумдарды кенейтууну талап кылат.

Жол курулушу долбоор боюнча толук бутпогондугуно байланыштуу биздин  баланска кабыл алына элек, бирок 2017- жылдан бери жол чарба Департаментинин буйругунун негизинде №2 жол тейлоо ишканасы Айгул-Таш-Согмент-Таян багытында жалпы узундугу 23,7 чакырым жолдо убактылуу жайкы-кышкы кароо иштерин жургузуп турат.

 

 

 

пресс- кызмат