mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Айдоочулардын эсине! Көчкү түшүү коркунучу жогору

Кыргызгидромет соңку күндөрү Кыргызстанда күндүн жылыганынан, жаап өткөн жаан-чачындан улам тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу жогору экенин эскертти.

Кооптуу жерлер:

Бишкек — Ош жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу);

Каракол — Эңилчек жолунун 45-50, 74-86-чакырымында (Чоң-Ашуу);

Барскоон — Ак-Шыйрак жолунун 52-68-чакырымында (Сөөк ашуусу);

Казарман — Акталчат жолунун 60-94-чакырымында (Кара-Көө ашуусунда) көчкү түшүү коркунучу жогору. Ошондой эле, жолдор тайгак болуп, муз тоңору да айтылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги автоунаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык сакталышы зарылдыгын эскертет. Ошондой эле мекемеге караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө берилген аймакты көзөмөлгө алып, жаралган кырдаалды тез арада жөнгө салууга даяр турары белгиленди.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы