mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Айдоочулардын эсине! Ашуулардагы абал тууралуу маалымат

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Арал-Казарман участкасынын 198-203-чакырым аралыгында 270-300 м3 кар көчкү түшүп, №24 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан тазаланды. Учурда жол ачык, бардык тарапка каттам бар.

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык ашуусунда унаа кыймылына чектөө жок. Ал эми аталган жолдун Талдык, Тоң-Мурун, Кызыл-Арт жана Кыргызстандын 40 жылдыгы ашууларына 1-2 см калыңдыкта кар жаады. Учурда бардык тарапка каттам бар.

Өтмөк менен Төө-Ашууда күн бүркөк, бирок жол ачык.

Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Кубакы, Долон жана Түзбел ашуусунда дагы унаа кыймылына чектөө жок. Жеринде иш алып барып жаткан жол кызматкерлери Боом капчыгайында күн ачылып, каттам бардык тарапка бар экенин билдирет.

Ошондой эле Бишкек-Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусу менен Казарман-Акталчат трассасындагы Кара-Гоо ашуусунда жол кыймылы үчүн каттам бар.

КРдин ТжКМнин басма сөз кызматы