mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

8-март — Аялдардын эл аралык майрамы менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Э.А. Осоев куттуктады

Урматтуу айымдар!
Сиздерди 8-март — Аялдардын эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Жаз менен кошо кирип келген бул майрамды баарыбыз кубануу менен белгилейбиз.
Үй-бүлө коломтосунун сактоочулары болгон кымбаттуу апаларга бизге өмүр бергени үчүн терең таазим кылып, аялзатынын талыкпас эмгегине, чыдамкайлыгына чын жүрөктөн ыраазычылык сөздөрдү айтамын. Сиздер бар үчүн адамзат бар!
Ардактуу айымдар!
Биз — эркектер, сиздерге карап эрктүү, мыкты жана күчтүү болгубуз келет. Жаратмандыкка, эмгекке жана чыгармачылыкка умтулабыз. Өзүнүздөргө маалым болгондой, биз республикадагы жол, жана анын инфраструктурасын жакшыртууга, Кыргызстандыктарга траспорттук кызмат көрсөтүүгө салым кошуп жатабыз. Бул жумуштарды аткарууда биздин мекемеде эмгектенген айымдардын да салымы чоң. Алардын талыкпаган эмгеги, өжөрлүгү бизге бул тармакта абдан чоң ийгиликтерди жаратууга дем берет.
Сиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр, ийгиликтерди жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм! Ар бир күн сиздерге бакыт жана кубаныч тартууласын!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын
Транспорт жана коммуникациялар
министри Э.А. Осоев