mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

5-июндан тарта ички авиарейстер жана аймактар аралык коомдук транспорт иштей баштайт

5-июндан тарта ички авиарейстер жана аймактар аралык коомдук транспорт иштей баштайт. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында айтылды.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик органдары текшерүүнүн алгоритмин так аткарууга жана талап кылынган санитардык чаралардын сакталышын көзөмөлдөөгө даяр болушу керектигин белгиледи.

«Коомдук транспорттордо жана бардык жүргүнчүлөрдүн санитардык коопсуздук эрежелердин так сакташын катуу көзөмөлгө алынышы керек. Конууда сөзсүз түрдө беткап тагынышсын жана дене табы өлчөнсүн. Автобус жана маршруттук такси менен ташууну уюштуруу коопсуз болушу шарт. Биз бардыгы санитардык нормаларды сактоо менен бара жатканына ишенимдүү болушубуз керек», — деген Кубатбек Боронов, Транспорт жана жолдор министрлигине тиешелүү тапшырмаларды берди.