mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

26-январда жолдорго муз тоңуп жана кар күрткүсү бар

Кыргызгидромет билдиргендей, 2023-жылдын 26-январында өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр.

Чүй облусунда күндүз -1…+4; Талас облусунда -2…+3; Баткен облусунда 0…+5; Ош, Жалал-Абад облустарында 0…+5; Ысык-Көл облусунда +1…+6, Нарын облусунда -6…-11.

2023-жылдын 25-январында кечке маал Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 293-297-чакырымында жана 1-чакырымынан 2-чакырымына чейин Солтон-Сары-Кичи-Кара-Кужурда муз тоңуп, унаа жолду кол менен тазалоо жана ТжКМне караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №41 ЖТИнын кызматкерлери тарабынан инерттүү материалдар чачылган. Ушундай эле иштер Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда да жүргүзүлдү. Бул жерде №960 ЖТИнын кызматкерлери тарабынан 162-чакырымдан 179-чакырымга чейинки жол тилкесине музга каршы каражаттар чачылып, ошол эле жолдун 180-182-чакырымындагы кар тазаланды. Таш-Кызыл-Арт жолу да кардан тазаланып, кеңейтүү иштерин, 2 жүктөгүч жана 19 жумушчу иштеп жатат.

2023-жылдын 25-январында Кочкор-Арал-Тоо-Ашуу жана Арал-Миң-Куш унаа жолунун тилкелеринде музду ээритип, жолдун жээгиндеги сууну агызуу иштери жүргүзүлдү.

2023-жылдын 26-январында Өтмөк, Төө-Ашуу, Чапчыма, Чыйырчык, Долон, Чар, Акбейит, Торугарт, Кувакы, Кызарт, Карагоо, Чоң-Ашуу жана Сөөк ашууларында жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тарабынан суу өтүүчү каналдардын жанындагы карды, муздарды тазалоо жана тайгакка каршы инерттүү материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.

Аба ырайынын ыңгайсыз шарттарына байланыштуу ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жасалма тыгындарды жаратпоо үчүн жайкы дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырууну жана ашууларда жасалма тыгындарды болтурбоо үчүн каршы тилкеге ​​чыкпоону сунуштайбыз. Ошондой эле КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн жалпак жерлерде кардын чынжырларын алып салуу керек. Мындан тышкары, өтмөктөрдөн өтүүдө көйгөйлөр жаралбашы үчүн жолго чыгаар алдында унаалардын техникалык абалын текшерүү зарылдыгын эскертебиз. КР ТжКМнин басма сөз кызматы