mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

24-мартка карата жолчулардын аткарган иштери туурасында маалымат

Бүгүн, 24-мартка карата Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тарабынан аткарылган иштердин кыскача түрмөгү:

№50 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Базар-Коргон-Арстанбап унаа жолунда аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери менен алек.

Кербен-Үч-Коргон унаа жолунун 38-45-чакырым аралыгында суу өтүүчү темир-бетон түтүктөрүн кол менен тазалоо жумуштары жүрүп жатат.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда тоо боорунан түшкөн таш, шагылдар жол четин жаап калгандыгына байланыштуу тазаланып, жол белгилердин түбүн бетондоп бекитүү иштери жүрүүдө.

Ал эми Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы арыктар тазаланып, актоо, сырдоо жумуштары аткарылууда.

Ошондой эле Тараз-Покровка-Кайынды унаа жолунун 38,8-чакырымында суу жууп кеткен жол жээктерин оңдоо иштери жүрүүдө.

Бишкек-Ош унаа жолунун 315-427-чакырым аралыгында жаралган аң-чөнөктөр толтурулуп, таштандыдан тазаланды.

Белгилей кетсек, аймактарды тейлеген жолчулар кышында камдалган инерттик материалдардын калдыктарын кампага ташуу, таштандыларды тазалоо, кооптуулук жараткан жана куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, аң-чөнөктөрдү толтуруу, жолго чыккан сууларды буруу, шагыл, кара шагыл төгүп тегиздөө жана жолду кеңейтүү иштери менен алек.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы