mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

23-апрелге карата жолчулар тарабынан аткарылган иштердин түрмөгү

Нарын шаарынын ички көчөлөрүнө асфальт-бетон катмарын төшөөгө даярдык жана эски асфальт-бетон катмарын сыйрып, тазалоо иштери жүрүп жатат.
Сөөк ашуусунда жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө.
Нарын районуна караштуу Кеңеш айылындагы аэропортто аң-чөнөктөрдү жамоо иштери жүрүп жатат.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 271-373-чакырымына чейин кыш мезгилинде себилген инерттик материалдардын калдыктарын тазалоо иштери жүрүүдө .
Михайловка-Николаевка-Токтоян унаа жолунда жолду тегиздөө жумуштары аткарылды. (17-37-чакырым аралыгында)
Жаңы-Арык-Кызыл-Суу унаа жолунун 28-чакырым аралыгындагы тилке тегизделди.
Кара-Суу-Отуз-Адыр-Кең-Сай автожолунун 14-чакырымындагы аң-чөнөктөрдү жамоо жумуштары аткарылды.
КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы