mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2023-жылдын 9-мартына карата өлкөнүн ашууларында жол каттамы ачык

Ош-Сары-Таш-Иркештам унаа жолунун 58-72 чакырымындагы Чыйырчык ашуусунда каттам үчүн жол ачык. Аталган унаа жолдун 165-178-чакырымындагы Талдык ашуусунда дагы жол таза, бардык тарапка каттам бар.

Өтмөк менен Төө-Ашууда күн бүркөк, бирок эки тарапка кетчү жол ачык.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 271-373 жана 372-544 чакырым аралыгында жол ачык, Кубакы ашуусунда дагы унаа кыймылына чектөө жок, ал эми Долон ашуусунун 285-306-чакырым аралыгына 2-3 см калыңдыктагы кар жаап, инертүү материалдарды себүү иштери жүрүүдө.

 

 

Казарман-Акталчат унаа жолунун Кара-Гоо ашуусунда күн бүркөк, бирок жол ачык.
Ош-Баткен-Раззаков унаа жолу каттам үчүн ачык. Ошондой эле Бишкек-Ош унаа жолунун 27 чакырым аралыгындагы тилке дагы унаа кыймылы үчүн ачык. Ал эми Бишкек — Ош унаа жолунун 209-228 чакырым аралыгына кум себүү иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары Тогузбулак-Сүлүктү-Байзаксай унаа жолунун 18 чакырымына таш түшүп, тазалоо иштери жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникация министрлиги узак жолго чыгаар алдында көйгөйлөр жаралбашы үчүн унаалардын техникалык абалын текшерүү зарыл экенин эскертет.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы