mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2023-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Евразиядагы инфраструктура департаментинин директору Екатерина Мирошник айым менен жолугушту.

2023-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Евразиядагы инфраструктура департаментинин директору Екатерина Мирошник айым менен жолугушту.

Министр Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына (ЕРӨБ) конструктивдүү мамилеси жана жүргүзүлүп жаткан, жигердүү биргелешкен иши жана автотранспорт тармагында ЕРӨБ аркылуу долбоорлорду ишке ашырууга кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө жолдорду реабилитациялоо долбоорунун алкагында «Балбай Баатыр айылынан Каракол шаарына чейинки 184,5-220-чакырымдагы автожолду реабилитациялоо» долбоорун каржылоо мүмкүндүгү боюнча маселелер каралды. 2022-жылдын декабрында ЕРӨБ техникалык жардамынын алкагында Аткинс Консалтинг компаниясы тарабынан даярдалган экологиялык жана социалдык отчеттор боюнча коомдук угуулар ийгиликтүү өттү. 2023-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыздортранспроект” МИ жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти деталдык долбоорду даярдоого киришти. Деталдык долбоор аяктагандан кийин министрлик кредиттик келишимге кол коюу процедураларын баштоону пландаштырууда.

Өз кезегинде Мирошник айым белгилегендей, ЕРӨБ тарабынан долбоорду деталдуу изилдөө үчүн алар жакын арада жарандардын коопсуздугун камсыздоого жооптуу тиешелүү адистерди жөнөтүшөт.

Ошондой эле «Кыргызтемиржолу» МИсынын инфраструктурасынын климатка туруктуулугун жогорулатуу» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды. Министр белгилегендей, кол коюлган Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен макулдашуу стадиясында турат.

Т.Текебаев ЕРӨБгө Кыргыз Республикасындагы транспорттук долбоорлорду ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташууга ишенимин билдирди.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы