mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2023-жылдын 7-январында өлкөнүн бардык жолдору кар күрткүлөрүнөн тазаланып, тайгакка каршы инерттүү материалдар менен толтурулууда.

2023-жылдын 7-январына карата Бишкек-Ош унаа жолунда 290дан 260 чакырымга чейин кар жаап, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу  “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №23 ЖТИнын кызматкерлери тарабынан инерттик матриалдар менен толтуруп  жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ушундай эле иштер Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда жүрүп жатат, Сосновка жана Арал постторунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө жок. Токтогул районунун аймагындагы автожолдордо да автотранспорттордун өтмөгү ачык, ал жерде №30 ЖТИнын кызматкерлери кышкысын тейлөөдө. Республиканын түштүгүндөгү Чыйырчык жана Суук-Дөбө ашууларында да жолду кардан тазалоо, жол тилкесин кеңейтүү жана Транспорт министрлигинин №959 ЖТИнын кызматкерлери тарабынан кум-туз менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул жерде да кар жаашы күтулүүдө.

Ушундай эле иштерди Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда №960 ЖТИнын кызматкерлери жүргүзүүдө. Ашууларда кар жаап, бул жолдо жүрүү бардык багыттар боюнча ачык. Тогуз-Торо районунун Казарман айылында жана башка жолдордо да №18 ЖТИнын кызматкерлери тарабынан жолдорду кар күрткүлөрүнөн тазалоо жана инерттүү материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.

№36 ЖТИнын кызматкерлеринин айтымында, Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун Өтмөк ашуусунда өтмөк ачык, ошондой эле жолду кардан тазалоо, жол тилкесин кеңейтүү жана кум-туз себүү иштери жүрүп жатат. Боом капчыгайында №32 ЖТИнын жумушчулары инерттүү материалдар менен толтурууну жүргүзүштү, атайын техниканы тартуу менен күнү-түнү нөөмөт түзүлдү. Нарын облусунун Кочкор районунун жолдорунда өтмөк ачык болуп, бул жерде да нөөмөт жүргүзүлүүдө.

 

КР ТжКМги айдоочуларга жолду кардан тазалоочу атайын техниканын ишине тоскоол болбоо үчүн өлкөнүн унаа жолдорунун ашуу тилкелеринде кар чынжырчаларын тагынууга, кар жааганда каршы тилкеге ​​чыкпоону сунуштайт.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы