mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2023-жылдын 7-февралында өлкөнүн бардык жолдору кар күрткүлөрүнөн тазаланып, тайгакка каршы инерттүү материалдар менен толтурулууда.

Кечээ, 6-январда Кочкор-Арал-Тоо-Ашуу унаа жолунда жолго тоскоол болгон бак-дарактардын бутактары кыркылып, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Арал-Казарман тилкесине түшкөн таштар тазаланды.

Ошондой эле кечээ кечки саат 22:00дө Төө-Ашуу ашуусундагы тоннелде унаа тыгыны пайда болуп, жолго муз тоңгондугуна байланыштуу Бишкектен Ошко карай өтүүчү үчүнчү туннель ачылды. Ал эми Төө-Ашуу ашуусунда 124-чакырымында чоң жүк ташуучу унаа бузулуп, жолдо туруп калгандыгына байлануштуу, , чоң жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр киргизилген. Жабыркаган жүк ташуучу унааны эвакуациялоо үчүн техника жөнөтүлдү.

Кыргызгидромет билдиргендей, 2023-жылдын 7-февралында күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. . Чүй облусунда түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Чүй облусунда +4…+9; Таласта +3…+8; Баткенде +9…+14; Ош жана Жалал-Абад облустарында +9…+14; Ысык-Көлдө +4…+9, Нарында -1…-6.

Бүгүн, 2023-жылдын 7-январында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон ашуусундагы 287-чакырымынан 306-чакырымына чейинки аралыкта жол тайгакка каршы материалдар менен толтурулуп жатат. Бул жерде кар жаап, 2-3 смге чейин көтөрүлдү.Жолдо каттам үчүн толук  ачык. Ушундай эле иштер Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Чапчыма, Чыйырчык, Талдык, Долон, Чар, Акбейит, Түзбел, Торугарт, Кувакы, Кызарт, Карагоо сыяктуу башка ашууларда да жүргүзүлүүдө. Бул жерде бардык жолдор кардан тазаланып, тайгакка каршы инерттүү материалдар (туз жана кум) менен толтурулууда. Бардык жолдор унаа каттамдары  үчүн ачык.

Ошондой эле КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн жалпак жерлердеги кардын чынжырларын алып салуу керек.
Мындан тышкары, өтмөктөрдөн өтүүдө көйгөйлөр жаралбашы үчүн жолго чыгаар алдында унаалардын техникалык абалын текшерүү зарыл экендигин эскертебиз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы