mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2023-жылдын 4-март күнү КРдин ТжКМнин кызматкерлери ишембиликке чыгышты

Президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрында кол койгон “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери 2023-жылдын 4-март күнү ишембиликке чыгышты.
Кызматкерлер мекемеге бекитилген Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү таштандыларды чогултту. Мындай иш-аракеттер айлана-чөйрөгө кам көрүү максатын көздөдү.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы