mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2023-жылдын 3-апрелинен тартып Азербайжан Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында транспорт каражаттарын ташуучуларга «уруксат бланктарын» берүү токтотулду

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин дарегине Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен 09-025/6267 19-апрель 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы элчилигинин дарегине Азербайжандын санариптик өнүктүрүү жана транспорт министрлигине караштуу Жерде жүрүү транспорту боюнча Азербайжан агенттигинен кат келгени тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган катка ылайык, Азербайжан тарап Азербайжан Республикасынын мыйзамдарына ылайык, 2023-жылдын 3-апрелинен тартып Азербайжан Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында эл аралык автомобилдик ташууларды жүргүзгөн транспорт каражаттарын ташуучуларга «уруксат бланктарын» берүү токтотулгандыгын маалымдайт.