mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2023-жылдын 27-февралында КР ТжКМнин алдындагы Жол фондунун Байкоочу кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.

2023-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун Байкоочу кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйынга Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Т.О. Солтобаев, КР ТжКМнин алдындагы жол фондунун директору Б.Т. Базаралиев,  Н.Исанов атындагы КМКТжАУнин биринчи проректору Н.Ж. Маданбеков,  Эл аралык автомобиль ташуучулар ассоциациясы «АМАП КР» директорунун кеңешчиси М.А. Жунусов жана башкалар катышышты.

Фонддун Байкоочу кеңешинин отурумунун күн тартибинде Фонддун 2022-жылдагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу төрт маселе каралды, анын ичинде пландалган иштерди аткаруунун алкагында аткарылган иш-чаралар, Фонддун 2023-жылга кирешелеринин болжолу  жана чыгаша планы. Баяндамачы КР ТжКМ алдындагы Жол фондунун директору Б.Т. Базаралиев. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү Фонддун директорунан алынган маалыматты угуп жана талкуулап, жыйынтыгында Фонддун Байкоочу кеңеши төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алды:

  1. Жол фондунун киреше жана чыгаша бөлүгү 6 миллиард сом өлчөмүндө бекитилсин, анын 4,5 миллиард сому автомобиль жолдорун курууга, оңдоого жана күтүүгө, 1,3 миллиард сому машиналарды, механизмдерди жана жабдууларды сатып алууга жана жол боюндагы тейлөө объектилерин өнүктүрүүгө жана күтүүгө 21 млн. сом жумшалсын.
  2. Жол фондунун катчылыгы 2023-жылга коюлган милдеттерди эске алуу менен ишти күчөтсүн.
  3. Жол фондунун 2022-жылга иши жөнүндө отчет бекитилсин.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы