mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2023-жылдын 25-февралынан 26-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: 2023-жылдын 25-февралынан 26-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда 121-138 км (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 км (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу) ) Бишкек-Ош Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымдарында (Өтмөк ашуусу) кар көчкү түшүп, кар күрткүсү күтүлөт.

Кыргызгидромет билдиргендей, 2023-жылдын 25-февралында күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаашы, Нарын облусунун айрым жерлеринде кар жаашы, Ысык-Көлдө аймагында  жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу автожолдордо кар күрткүсү болуп, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Ысык-Көл облусунун Барскоон-Ак-Шыйрак, Сөөк-Каракол авто унаа жолу  бардык автоунаалар үчүн ачык. Ысык-Көл облусунда кар күрткүсү байкалууда. Ошондой эле кечээ Каракол-Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуу ашуусу толук ачылды. Каркыра тилкесинде түшкөн кар күрткүсүнө байланыштуу жол кызматкерлери күнү-түнү иштеп жатат, жергиликтүү тургундардан жана туристтерден эч кандай даттануулар жок. Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 181-чакырымында эриген суу жолдун жүрүүчү бөлүгүнөн бурулуп, тайгак болгон тилкелерге кум-туз аралашмасы чачылган. Каркыра районунда Түп-Кеген унаа жолу каттамга ачылды.

Көк-Мойнок-Кубакы унаа жолунун 0-26-чакырымында Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №955 ЖТИнын кызматкерлери тарабынан тайгакка каршы материал кошуу иштери жүрүп жатат, каттам  үчүн ачык.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун (мындан ары БНТ) Долон ашуусундагы 271-чакырымынан 373-чакырымына чейинки бөлүгүндө инерттүү материал кошуу иштери жүрүп жатат. Бул жерде жүрүүгө эч кандай чектөөлөр жок, ушундай эле абал Боом капчыгайындагы  БНТ трассасында.

Республиканын түштүгүндө Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда кар күрткүсү байкалып, №960 ЖТИнын кызматкерлери жолдорду тазалап , кум чачуу иштери аткарылууда. Бул жерде ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт.

Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, бул жерде Бишкек-Ош жолунун 120дан 209-чакырымына чейин №9 ЖТИнын жумушчулары тарабынан кардан тазалоо жана инерттүү материал кошуу иштери жүрүп жатат. Төө-Ашуу ашуусунда унаалардын бардык түрүн өткөрүүгө чектөө жок. Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөктүн башка ашуу тилкелеринде кар жаап, жолдогу карды тазалоо, ага туз, кум себүү иштери жүрүп жатат.

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн жалпак жерлердеги кардын чынжырларын алып салуу керек.

Мындан тышкары, узак жолдорго чыгаар алдында көйгөйлөр жаралбашы үчүн унаалардын техникалык абалын текшерүү зарыл экендигин эскертебиз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы