mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2023-жылдын 18-март күнү КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери жалпы ишембиликке чыгышты

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2023-жылдын 14-мартындагы № 20-1844 тескемесине ылайык, КРдин Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев баштаган мекеме жетекчилиги жана анда иштеген кызматкерлер жалпы республикалык ишембиликке чыгышты. Белгиленгендей, ишембилик социалдык инфраструктураны жана санитардык абалды жакшыртуу, жашылдандыруу, шаарларды жана калктуу конуштарды көрктөндүрүү максатында өткөрүлдү.

Кызматкерлер Алматы-Бишкек-Ташкент унаа жолунун 247-чакырым аралыгы менен Бишкек-Манас унаа жолунун кесилишиндеги жердеги таштандыларды жана башка тиричилик калдыктарды чогултуп, алар таштанды полигонуна чыгарылды. Ошондой эле жол чети ирээтке келтирилип, көпүрөнүн астындагы тирөөчтөр сырдалып, айлана толук тазаланып, акталды.

Ишембиликке ведомствонун борбордук аппаратынан тышкары, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин, «Кыргызавтожол» ишканасынын кызматкерлери жана АӨБ, ДБ ИӨБ долбоорлорун ишке ашыруу тобу болуп жалпы 250дөй киши катышты.

Ал эми КРдин ТжКМдин алдындагы Жол чарба департаментинин кызматкерлери Чүй проспектиси менен Манастын кесилишинде иштеп, жалпы 25 адам айлананы таштандыдан тазалашты. Ошондой эле «Кыргыз жолтранс» долборлоо жана изилдѳѳ институтунун кызматкерлери Бишкек шаарынын Абдрахманов жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилишин ирээтке келтиришти. Жалпы ишембиликке министрликке караштуу жол тейлөө ишканалардын кызматкерлери да активдүү катышып, өздөрүнө бекитилген аймакты тазалашты.

.

КРдин ТжКМнин басма сөз кызматы