mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2023-жылдын 11-январында таңкы саат 5 убактысында Торкент-Толук-Сары-Камыш унаа жолунда кар көчкү тазаланып, унаалар өтүүсүнө уруксат берилген.

Торкент-Толук-Сары-Камыш унаа жолунун 67+700 дарегинде кечээ, 10-январда саат 22:00дө узундугу 120м, туурасы 6м, бийиктиги 4м, 2880м куб кар көчкү түшүп, жогоруда аталган  жол тилкеге ​​тоскоолдук жараткан. КР ТжКМне караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №23 ЖТИнын кызматкерлери ДТ 75 бульдозерин тартуу менен 2023-жылдын 11-январында таңкы саат 5те жолду ачып, өтмөктү беришкен. №23 ЖТИнын начальниги Т.Эсеналиевдин айтымында, Торкент-Толук-Сары Камыш унаа жолунда өтмөк ачык, жумушчулар жана механизаторлор атайын техника менен кар көчкү алдында коопту аймактарда нөөмөттө турушат.

ТжКМ 2023-жылдын 11-январынан 13-январына чейин күтүлүп жаткан аномалдуу  сууктан улам чукул муктаждык болбосо ашуу тилкелерине барбоону сунуштайт.

Бишкек-Ош унаа жолунун Сосновка транспорттук көзөмөл постунда туруксуз аба ырайына байланыштуу 2023-жылдын 10-январынан тарта жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Төө-Ашуу ашуу ашуусунда КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №9 ЖТИнын кызматкерлери жолду кардан тазалоо жана тайгакка каршы инерттүү материалдар менен толтурууда. Ушундай эле жумуштарды Ала-Бел, Өтмөк, Чапчыма ашууларында жана башка жолдордун татаал тилкелеринде жолчулар жүргүзүүдө.

Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 2023-жылдын 11-январында өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Жолдор карга толуп, муз тоңгон.

Чүй облусунда күндүз -7…-12; Талас облусунда -11…-16; Баткен облусунда -4…-9; Ош жана Жалал-Абад облустарында +4…-9; Ысык-Көл облусунда -5…-10, Нарын облусунда -9…-14.

Күтүлүп жаткан аномалдуу суукка байланыштуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар  министрлиги айдоочуларга коопту жолдорго чыкпоону, эгерде алар буга чейин чыгып кеткен болсо, республиканын автожолдорунун ашуу тилкелерин кесип өтүүдө кар чынжырчаларын алып жүрүүнү, жана кар жааганда жолдорду кардан тазалоочу атайын техниканын ишине тоскоол болбошу үчүн каршы тилкеге ​​чыкпоону сунуштайт

Күтүлүп жаткан суукка байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана айрым жолдордо кар көчкү түшүшү, кар күрткүсү жана жолдорго муз тоңот. Автомобиль жолдорунда кар көчкү коркунучу бар аймактардан өтүүдө унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо зарыл.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы