mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2023–2030-жылдарга жол тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттары бекитилди

2023–2030-жылдарга жол тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттары бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдору тармагын өнүктүрүү жана жол тармагын башкаруу системасын өркүндөтүү максатында кабыл алынган.

Алсак, 2023–2030-жылдарга жол тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу:

– улуттук транспорт тармагын эл аралык транспорт тармагына интеграциялоого жана анын натыйжасында улуттук товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык рынокторуна чыгууга;
– заказчынын, подрядчынын жана техникалык көзөмөл боюнча инженердин функцияларын чектөө жолу менен бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы ачык-айкындуулукка жана натыйжалуулукка;
– республиканын транспорт тармагынын эксплуатациялык көрсөткүчтөрүн жакшыртууга;
– жол тармагынын кызматкерлеринин эмгек шарттарын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасындагы жолдордун жана көчөлөрдүн жалпы узундугу 34 миң чакырымга жакын болсо, анын ичинен жалпы пайдалануудагы жолдордун узундугу 19 миң чакырымды түзөт.

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору аркылуу өлкөдөгү жүргүнчүлөрдү ташуунун 98%ке жакыны жана жүк ташуунун 96%тен ашыгы камсыздалат. Ошондой эле жыл сайын 40 млн тоннага чейин ар кандай жүктөр жана 640 млн чейин жүргүнчүлөр ташылат.

 

КР ТжКМнин басма сөз кызматы