mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылы Бишкек-Ош унаа жолунун Маданият-Жалал-Абад тилкесинде асфальт-бетон төшөө иштерин бүтүрүү пландалууда.

2022-жылы Бишкек-Ош автожолунун 3-фазасы, Маданият-Жалал-Абад участогу ЦАРЭК коридорун жакшыртуу долбоорунун алкагында асфальт төшөөнү бүтүрүү пландалууда. 2022-жылдын курулуш мезгилине Подрядчы тарабынан 256 адам жана 120 даана курулуш техникасы тартылган. Мындан тышкары, подрядчы кубаттуулугу саатына 210 тонна асфальт-бетон заводун мобилизациялады. 2022-жылы асфальт-бетон төшөлмөсүн төшөөнү бүтүрүү пландалууда.

Маалым болгондой, 2018-жылдын 11-июнунда КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги «АзВирт» ЖЧКсы менен курулуш иштерин жүргүзүү боюнча келишим түзүп, анда деталдык долбоорлоо, жер иштетүү, жол куруу иштери камтылган.

Келишим түзүлгөндөн бери Подрядчы 61 чакырым асфальт-бетон төшөлмөнүн төмөнкү катмарын, 19 чакырым жогорку катмарын асфальт-бетон төшөлгөн. 188 түтүктүн 171и боюнча иштер бүткөрүлүп, 9 көпүрөнүн 3ү калыбына келтирилди.

ЦАРЭС 3 коридорун жакшыртуу долбоору, Бишкек-Ош жолу, 4-фаза, Маданият-Жалал-Абад участогу Маданият менен Жалал-Абаддын ортосундагы 67 кмге жакын жолду калыбына келтирүү жана реабилитациялоо аркылуу республикалык жана аймактык байланышты жакшыртат. Долбоордун натыйжасы Кочкор-Ата, Массы жана Базар-Коргон калктуу конуштары аркылуу өткөн Бишкек-Ош автожолу боюнча жүк жана жүргүнчү ташуулардын эффективдүү кыймылы болот. Долбоорду ишке ашыруу улуттук жана аймактык сооданы жеңилдетет, ошондой эле айыл калкынын базарларга жеткиликтүүлүгүн жакшыртат, бул аймактын экономикалык өнүгүүсүн тездетет.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы