mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын башынан июнь айына чейин узундугу 41,0 км болгон жолдорду долбоорлоо иштери аяктады

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Өндүрүштүк — инновациялык борбор» мамлекеттик мекемеси 2019-жылдын 1-мартында 7 адамдан турган штат менен түзүлгөн, Долбоорлоо-изилдөө иштери департаменти 2019-жылдын апрель айында түзүлгөн.
2019-жылы 3057,879 миң сомдук долбоорлоо иштери бүткөрүлүп, узундугу 103,205 км автожолдор, долбоорлоо иштерине 21 ДЭУ менен келишим түзүлгөн.
2020-жылы 1 785 313 миң сомдук долбоорлоо иштери бүткөрүлүп, узундугу 61 948 км жолду түзгөн, ага 17 ДЭУ менен долбоорлоо иштери боюнча келишим түзүлгөн.
2021-жылы 2 815 135 миң сомдук долбоорлоо иштери бүткөрүлүп, узундугу 83,19 км жолду түздү, ага 12 ДЭУ менен долбоорлоо иштерине келишим түзүлдү.
2022-жылдын башынан июнь айына чейин 2 563 027 миң сомдук долбоорлоо иштери бүткөрүлүп, узундугу 41,0 км жолду түздү, ага 5 ДЭУ менен долбоорлоо иштерине келишим түзүлдү.
Учурда республиканын бардык аймактарында 29 объектиде же узундугу 88,0 чакырымды түзгөн автомобиль жолунда долбоорлоо иштери жүрүп жатат.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы