mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 9-декабрына карата ашуу жолдорунда автоунаалардын бардык түрлөрүнүн өтүүсүнө эч кандай чектөөлөр жок.

Кыргызгидромет билдиргендей, 2022-жылдын 9-декабрында күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен, Ош, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жана Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт кар жаашы күтүлүүдө. Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

үтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-75-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) кар көчкү түшүшү күтүлөт. Бул жерлерде да кар күрткүсү, жана муз кубулуштары күтүлөт. Кар көчкү түшкөн аймактардан өтүүдө унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо зарыл.

Төө-Ашуу ашуусунда Транспорт жана коммуникация министрлигинин №9 ЖТМнин кызматкерлери тарабынан карды тазалоо жана инерттүү материалдар себүү иштери жүргүзүлүүдө. Автоунаалардын бардык түрлөрүнүн өтүүсүнө чектөөлөр жок. Ошондой эле, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Чапчыма жана башка ашуу тилкелеринде кар күрткүсүн чыгаруу жана ага туз, кум салуу иштери жүрүп жатат.

Чыйырчык ашуусунда 2022-жылдын 9-декабрында таңкы саат 6дан баштап Ош-Сарыташ-Эркечтам унаа жолунун 58-чакырымынан 72-чакырымына чейинки аралыкта музга каршы материалдар колдонулууда. Эске салсак, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 190-чакырымынан 215-чакырымына чейин Кара-Бура ашуусу, Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 0-52-чакырымындагы Сары-Кыр ашуусу жана Учурда Нарын районундагы Атбашы-Кында-Торугарт унаа жолундагы Кында ашуусу жергиликтүү райондук мамлекеттик администрация башчыларынын буйругу менен жабылды.

Аба ырайынын ыңгайсыз шарттарына байланыштуу ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жасалма тыгындарды жаратпоо үчүн жайкы дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырууну, ынтымакта болууну жана жасалма тыгындарды болтурбоо максатында ашуулардагы каршы тилкеге ​​чыкпоону сунуштайбыз.

Ошондой эле КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн жалпак жерлердеги кардын чынжырларын алып салуу керек. Мындан тышкары, өтмөктөрдөн өтүүдө көйгөйлөр жаралбашы үчүн жолго чыгаар алдында унаалардын техникалык абалын текшерүү зарыл экендигин эскеребиз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы