mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 8-августунда Төө-Ашуу ашуусундагы К.Көлбаева атын дагы туннелде аң-чөнөктөрдү жамоо иштери аяктады, автоунаалардын өтүүсүнө эч кандай тоскоолдуктар жок.

Маалым болгондой 5-июль күнү саат 15:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусундагы К.Көлбаева атындагы туннелде Лексус 470 үлгүсүндөгү жол тандабас унаасы 1250 метр аралыкта аты аталган туннелде айдап бара жатып күйүп кеткен. Унаанын ичинде эки адам болгон , алар жабыркаган эмес. Аларды «Кыргызавтожол» МИнын тоннелдик кызматынын кызматкерлери башка куткаруучулар менен биргеликте өз убагында коопсуз жайга алып чыгышкан. Кырдаалга байланыштуу туннелде электр жарыгы өчүрүлгөн.
2022-жылдын 7-июлунан 9-июлуна чейин К.Көлбаев атындагы туннелде күйүп кеткен электр кабелин алмаштыруу жана вентиляция системасын калыбына келтирүү иштерине байланыштуу автотранспорттордун өтүүсүнө айрым учурларда чектөө киргизилген.
2022-жылдын 22-июлунан 27-июлуна чейин, 2022-жылдын 29-июлунан 7-августуна чейин күз-кыш мезгилине даярдоо (патчинг) боюнча оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу К.Көлбаев атындагы тоннелде автотранспорттун кыймылы айрым учурларда чектелген.
2022-жылдын 7-июлунан 9-июлуна чейин, 15-июлдан 17-июлга чейин, 22-июль, 23-27-июль, 2022-жылдын 29-июлунан 7-августуна чейин график боюнча автотранспорттордун өтүүсүнө чектөө киргизилген. Калган убакта өтмөк толугу менен ачык болду.
8-августка карата туннелди аң-чөнөктөрдү жамоо иштери аяктап, туннел ачык. Жакынкы аралыкта башка жолдорду оңдоо иштери күтүлүүдө. Балким, өтүүгө кайрадан чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу алдын ала кабарлайбыз.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы