mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 28-январында Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун 0-15-чакырымында КР Транспорт министрлигинин №36 ЖТМнин кызматкерлери тарабынан кара муздун пайда болушуна байланыштуу трассаны тайгаланууга каршы инерттүү материал менен толтуруу боюнча иштерди жүргүзүлүүдө.

2022-жылдын 28-январында Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун 0-15-чакырымында КР Транспорт министрлигинин №36 ЖТМнин кызматкерлери тарабынан кара муздун пайда болушуна байланыштуу трассаны тайгаланууга каршы инерттүү материал менен толтуруу боюнча иштерди жүргүзүлүүдө.

2022-жылдын 28-январында Түндүк-Түштүк унаа жолунун Арал-Казарман участогунун 195-254-чакырымында кар күрткүсүнө байланыштуу тайгак таштарды түшүрүү жана жолго кум себүү иштери жүрүп жатат. Мында 2 даана-а/грейдер; 2 даана-а / жүктөгүч; 2 даана-а/самосвал жана 9 адам-жумушчу тартылган.

2022-жылдын 27-январында Түндүк-Түштүк унаа жолунун Арал-Казарман участогунун 195-254-чакырымында да кардын жаагандыгына байланыштуу тайгак таштарды түшүрүү жана жолго кум себүү иштери жүргүзүлдү. Мында  2 даана-а/грейдер;   2 даана-а / жүктөгүч;   2 агрегат-а/самосвал жана 12 адам-жумушчу тартылган.

Транспорт министрлиги аба ырайынын катаал шартында ашууларда, жолдордо муз тоңуп, унаалардын жүрүшүнө 500 метр аралыкта чектөө коюу керектигин эскертет.

Жолго чыгаардын алдында жалпыга маалымдоо каражаттарындагы же КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин сайтындагы билдирүүлөрдөн аба ырайы, жолдордун абалы, жол жээгинде кар көчкү түшүү коркунучу тууралуу маалымат алуу зарыл. «Проезжаемость» деген рубриканын алдында.

Ошондой эле жол кызматтары тарабынан белгиленген «Өткөрүү чектелген», «Жол кыймылына бөгөт коюу» белгилерине ылайык инструкцияларды так аткаруу зарыл.

КР ТжКМ басма сөз кызматы