mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен China Road and Bridge Corporation (CRBC) ортосунда узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Инвестициялык алкактык макулдашууга кол коюлду

2022-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен China Road and Bridge Corporation (CRBC) ортосунда узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Инвестициялык алкактык макулдашууга кол коюлду. Тараптар бул Инвестициялык алкактык макулдашууну «Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун калктуу конуштарынын түндүк айланма автожолун реконструкциялоо» долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо жана каржылоо, ошондой эле алдын ала изилдөө боюнча консультациялык иштерди жүргүзүү үчүн түзүштү. Долбоордун маршруту боюнча жерлерди алуу жана жылдыруу.
Инвестициялык алкактык макулдашууга КР транспорт жана коммуникациялар министри Э.Осоев жана Кытайдын Жол жана көпүрө куруу корпорациясынын (CRBC) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Хоу Хусян кол коюшту.


КР ТжКМнин басма сөз кызматы