mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 22-декабрында өлкөнүн унаа жолдорунун ашуу тилкелеринде кар жаашы күтүлүүдө.

Кыргызгидромет билдиргендей, 2022-жылдын 22-декабрында түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Ашууларда: Төө-Ашуу, Өтмөк, Чапчыма, Чыйырчык, Талдык, Көк-Бел, Долон, Чар, Акбейит, Тузбел, Торугарт, Кубакы, Кызарт, Карагоо, Чоң-Ашуу жана Сөөк жол тейлөө ишканаларынын (ЖТИ) кызматкерлери тарабынан кардан тазаланып, кайра инерттүү материалдар (туз жана кум) менен себилүүдө. Бул тоолуу райондордо жаан-чачын күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун Кара-Бура ашуусу (190-215-чакырымдары), Сары-Кыр ашуусу Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 0-52-чакырымдарына чейин Жалал- Учурда жергиликтүү райондук мамлекеттик администрация башчыларынын буйругу менен Абад облусу жана Нарын районундагы Ат-Башы-Кында-Торугарт жолундагы Кында ашуусу жабылды. Аба ырайынын ыңгайсыз шарттарына байланыштуу ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жасалма тыгындарды жаратпоо үчүн жайкы дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырууну, ынтымакта болууну жана жасалма тыгындарды болтурбоо максатында ашууларда каршы тилкеге чыкпоону сунуштайбыз.

Ошондой эле КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн жалпак жерлердеги кардын чынжырларын алып салуу керек.

Мындан тышкары, өтмөктөрдөн өтүүдө көйгөйлөр жаралбашы үчүн жолго чыгаар алдында унаалардын техникалык абалын текшерүү зарыл экендигин эскертебиз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы