mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 21-декабрында КР ТжКМ «Кыргыз Республикасында ЕУК макулдашуусун ишке ашыруу» деген темада семинар өткөрдү.

2022-жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги «Park Hotel Bishkek» мейманканасында Женева шаарында 1970-жылдын 1-июлунан баштап жүргүзүлүп жаткан, эл аралык автомобиль ташууларын жүзөгө ашыруучу транспорттук каражаттардын экипаждарынын иши жөнүндө Европалык макулдашууну ишке ашыруу боюнча семинар өткөрдү (мындан ары — ЕУК келишими) Россия Федерациясынан эксперттеринин катышуусунда.
Семинарга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Борбордук аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жер жана суу транспорту департаментинин өкүлдөрү, транспорт боюнча эксперттер, Эл аралык автотранспортчулар ассоциациясынын өкүлдөрү ошондой эле Кыргыз Республикасынын автомобиль ташуучулары катышты.
Бул семинарда Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2021-жылдын 22-майында кол коюлган Эл аралык автомобиль ташууларын жүзөгө ашыруучу транспорттук каражаттардын экипаждарынын иши жөнүндө Европалык келишим (ЕУК) макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө мыйзамды ишке ашыруунун алкагында санариптик тахографтарды киргизүүнүн теориясы жана практикасы боюнча маселелер талкууланды. Ошондой эле Россия Федерациясы менен бул маселеде өз ара тажырыйба алмашуу боюнча маселелер каралды.
Азыркы учурда жогоруда аталган мыйзамды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тахографтарды оңдоо, монтаждоо жана орнотуу жана карталарды даярдоо жана чыгаруу боюнча ишканаларды (цехтерди) түзүү жөнүндө тиешелүү ченемдик укуктук актылар иштелип чыккан жана бекитилген.
Биздин аймакка тахографтарды киргизүү боюнча эл аралык автомобиль ташууларын жүзөгө ашыруучу транспорттук каражаттардын экипаждарынын иши жөнүндө Европалык макулдашууну келишими 2024-жылдын 20-февралында толугу менен күчүнө кирет.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы