mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 20-декабрына карата ашууларга инерттик материалдар себилип, жолдор тазаланып жатат, унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр жок.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 2022-жылдын 20-декабрына карата өлкөдө жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор карга толуп, муз тоңгон.
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр. Төө-Ашуу, Өтмөк, Чапчыма, Чыйырчык, Талдык, Көк-Бел, Долон, Чар, Акбейит, Тузбел, Торугарт, Куабакы, Кызарт, Карагоо, Чоң-Ашуу, Сөөк ашууларында жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери ( ЖТИ ) кардан тазалап, инерттүү материалдар менен (туз жана кум) жолго себүү жумуштарын аткарып жатат. Бул райондордо жаан-чачын күтүлбөйт, аба-ырайы күн ачык.
Эскерте кетсек, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун Кара-Бура ашуусу (190-215-чакырымдары), Сары-Кыр ашуусу Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 0-52-чакырымдарына чейин Жалал- Учурда жергиликтүү райондук мамлекеттик администрация башчыларынын буйругу менен Абад облусу жана Нарын районундагы Ат-Башы-Кында-Торугарт жолундагы Кында ашуусу жабылды.
Аба ырайынын ыңгайсыз шарттарына байланыштуу ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жасалма тыгындарды жаратпоо үчүн жайкы дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырууну, ынтымакта болууну жана жасалма тыгындарды болтурбоо максатында ашууларда каршы тилкеге чыкпоону сунуштайбыз.
Ошондой эле КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн жалпак жерлердеги кардын чынжырларын алып салуу керек. Мындан тышкары, өтмөктөрдөн өтүүдө көйгөйлөр жаралбашы үчүн жолго чыгаар алдында унаалардын техникалык абалын текшерүү зарыл экендигин эскертебиз.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы