mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 2-декабрынан тарта Төө-Ашуу ашуусунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө алынды

2022-жылдын 2-декабрынан тарта Төө-Ашуу ашуусунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө алынды.

Эскерте кетсек, 30-ноябрдан бери катуу жааган карга байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 120-209-чакырымындагы тилкесинде кар күрткүлөрү жана тосмолор тазаланып, жолдорго инертүү матриалдар себилген, ошол себептен оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсү убактылуу чектөөлөр киргизилген .

Аба ырайынын ыңгайсыз шарттарына байланыштуу ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырууну, жана жасалма тыгындарды жана жол кыймылын жаратпоо үчүн ашууларда каршы тилкеге чыкпоону сунуштайбыз. ТжКМ ошондой эле унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн ашууларга киргенде кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуулардан өткөндөн кийин тегиз жерлерде жолду деформациялап албаш үчүн кардын чынжырларын алып салуу керек.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы