mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 19-октябрь саат 16:30га карата, таш түшкөн Бишкек-Ош унаа жолунун 425-чакырымына чейинки жол эки тарапка тең ачык.

Бүгүн, 19-октябрда саат 15:00дөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 425-чакырымында таш кулап, анын кесепетинен жол убактылуу жабылган. Түшкөн таштардын көлөмү болжол менен 100 м3 ташты түзөт. Жабыркагандар болгон жок. КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №30 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жүк ташуучу унаа менен эки саатта жолду таштардан тазалап бүтүштү. Жолдун бир бөлүгүн тазалоо учурунда унаалардын кыймылы токтотулган. 2022-жылдын 19-октябрына карата саат 16:30га карата жол эки тарапка тең ачык.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы