mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 18-февралында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Э.А.Осоев Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ганхуяг Содном менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар автомобиль жана аба транспорту тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

2022-жылдын 18-февралында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Э.А.Осоев Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ганхуяг Содном менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар автомобиль жана аба транспорту тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле, эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу зарылчылыгы жөнүндө өз ара пайдалуу шарттарда өнүктүрүү жана чыңдоо керектиги жөнүндө бир пикирге келишти. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Э.Осоев соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы катары бул үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

Мындан тышкары, тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана сооданы көбөйтүү үчүн транспорттук байланыштар абдан маанилүү экенин, анын ичинде, Кыргызстан менен Монголиянын ортосунда түз аба каттамдарын ачууну колдошту. Ага байланыштуу         2022-жылдын 6-мартынан тартып Монголиянын “Сионну Эйр” авиакомпаниясынын Улан-Батор-Бишкек-Улан-Батор багыты боюнча жумасына бир жыштык менен үзгүлтүксүз каттамдарын ачууну кубатташты.

Кошумчалай кетсек, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кызматташуу боюнча кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги 4-отурумун жакынкы аралыкта Улан-Батор шаарында (Монголия) өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.