mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Э.Осоевдин Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харази менен жолугушуусу.

2022-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харази  менен жолугушту. Отурумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 12-жыйынынын тапшырмаларын аткаруунун жүрүшүнө, анын кыргыз бөлүгүнөн тең төрагалык кылууда. Жолугушууда мындан ары экономикалык чөйрөдө кызматташтыкты, туризмди өнүктүрүү, бизнес-коомчулуктар үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле, эки өлкө ортосундагы аба жана автотранспорттук жүктөрдү көбөйтүү зарылчылыгы белгиленди.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Э.Осоев Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харазиден кыргызстандык жол ташуучулар үчүн «3 мамлекетке/тен» категориясындагы уруксат кагаздарын алууга көмөк көрсөтүүнү өтүндү.