mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2023-жылдын 13-январынан карата Түп жана Аксуу райондорунун бардык жолдору автоунаалар үчүн ачык.

Кыргызгидромет билдиргендей , 2023-жылдын 13-январында Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор карга толуп, муз тоңгон.

2023-жылдын 13-январында Түп жана Аксуу райондорунун бардык жолдору унаа кыймылы үчүн ачылган. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №11 ЖТИнын кызматкерлери Аксуу районунда жолдорду кар тазалоочу техниканын жардамы тазалап, жолдорду ачты. Чоң -Ашуу ашуусунда унаалар үчүн өтмөк бар, бирок райондук мамлекеттик администрация башчысы дагы эле айдоочуларды бул ашуу аркылуу шашылыш жана муктаждык болбосо өтпөөнү суранат. Ошондой эле, Каракол-Раздольный, Каракол-Шахта Жергалан жолдору каттам үчүн ачык.

Түнкүсүн Түп районундагы №4 ЖТИнын кызматкерлери тарабынан жолдор тазаланды. Түп- Кеген унаа жолунда унаа бөлүк ачылып , 0 чакырымдан 54-чакырымга чейин жол кеңейтилип жатат, түнкүсүн кар күрткүсүнө тыгылып калган унаалар болгон эмес .

Михайловка-Николаевка-Токтоян жолу ачык. Бул жерде жолду эксплуатациялоочу ишканалардын жумушчулары тарабынан кар күрткүлөрүнөн тазаланып, тайгакка каршы материалдар чачылган. Ушундай эле иштер Жети-Өгүз районунда да жүргүзүлүп, бул жерде жолдор ачык, карды тазалоо, инерттүү материалдарды кошуу иштери жүрүп жатат. Ал эми Барскоон-Акшырак унаа жолунун Сөөк ашуусунда да өтмөк ачык , бул тууралуу жергиликтүү тургундарга жана чек арачыларга маалымат берилди.

Бишкек-Ош унаа жолунун Сосновка постунда жүк ташуучу унаа тыгылып калганына байланыштуу саат 09:30да аталган тилкеде унаалардын бардык түрү үчүн кыймылды жабуу чечими кабыл алынды. Жолду кардан тазалоо иштери жүрүп жатат. Карды тазалоо жана музга каршы материалдарды кошуу боюнча ушундай эле иштер республиканын башка аймактарында да жүргүзүлүүдө.

Шашылыш жана муктаждык болбосо ашуу аймактарына барбоону сунуштайбыз. Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана айрым жолдордо кар көчкү түшүшү, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү болушу ыктымал. Жолго чыккан айдоочулар 500 метр аралыкты сакташы керек. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларга эскертет, эгерде жолго чыгып кеткен болсоңуз, унаа жолдорунун ашуу тилкелеринен өтүүдө кар чынжырчаларын алып жүрүүнү, жолдун каршы тилкесине чыкпоону сунуштайт. Кар жааган учурда жолдорду кардан тазалоочу атайын техниканын жумушуна тоскоол болбооңуздарды өтүнөбүз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы