mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коллегиясы болуп өттү.

2022-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Е.Осовевдинтөрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коллегиясы болуп өттү, анда ведомствонун 2021-жылга ишинин жыйынтыгы жана 2022-жылга милдеттер каралды. Коллегиянын ишине Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана маданият министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана ведомстволук уюмдарынын жетекчилери катышты.
Коллегиянын катышуучуларына башкармалыктын 2021-жылга карата жол тармагындагы ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Н.Кайынбаев, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары А. Тургунбаев транспорт тармагындагы жетишкендиктерге токтолду. Тактап айтканда, сүйлөгөн сөзүндө жол тармагында учурдагы бюджеттин эсебинен жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджет жөнүндө “Мыйзамына ылайык» жана 2022-2023-жылдарга болжолу, 2021-жылга автомобиль жолдорун оңдоого жана күтүүгө 2021-жылга 1 563 459,8 миң сом каралган.
Мамлекеттик капиталдык салымдар боюнча
Мындан тышкары, “Мамлекеттик капиталдык салымдар” беренеси боюнча 2021-жылга киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен 2 320 000,0 миң сом өлчөмүндөгү каражаттар каралган, анын ичинен:
-Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол – 1 250 000,0 миң сом,
-Балыкчы-Тамчы-Корумду-274,7 млн. сом,
-Баткен облусунун чек арага жакын жолдору – 286,5 млн. сом,
— 2017-2020-жж., кредитордук карыз – 229,3 млн. сом,
– Өтмө жана жаңы объекттер-529,4 млн.сом.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин 2021-жылга жалпы бюджети, мамлекеттик капиталдык салымдардын каражаттарын эсепке алуу менен 3 883 459,8 миң сомду түздү.

2021-жылдын каржылоосу.

2021-жылдын 12 айынын жыйынтыгы боюнча жол тармагын 3 878,084,6 миң сомго каржыланды, алардын ичинен:
— учурдагы бюджет – 1 558 084,6 миң сом (99,5%);
— МКС беренеси боюнча – 2 065 000,0 миң сом (89,0%).

1. Учурдагы бюджет боюнча бекитилген пландар жана аткарылган иштердин көлөмү.
2021-жылга жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, оңдоо жана күтүүгө 1 563 459,8 миң сом каражат каралган. 12 ай ичинде 2021-жылдын жол-курулуш жана башка иштерине 1 458 746,17 миң сомго аткарылган. Бул суммага төмөнкү иштер аткарылды:

2. Мамлекеттик капиталдык салымдардын эсебинен каралган объекттер боюнча аткарылган иштер
Мамлекеттик капиталдык салымдар беренеси боюнча жалпы 56,9 км асфальт жабуусу пландалып, 2021-жылдын 12 айында 53,4 км төшөлгөн, анын ичинен:
— МКС негизги объектилер боюнча – 35,5 км;
— ББК жолун реконструкциялоо боюнча– 2,2 км;
— чек ара жанындагы жолдор – 15,7 км.
Анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 26-июлундагы №318 “Эл аралык маанидеги Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолун реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө” Жарлыгына ылайык. Учурда долбоордун подрядчысы «Кыргызжолкурулуш» ЖЧКсы тарабынан 0-76 км чейинки тилкеде 76-141,650 км аралыгында ЖЧК “Арек-строй” подрядчысы тарабынан жасалма курулмалар, жолдун негизин жана асфальт жабуусун төшөө иштерин аткарууда, учурда 2,4 км аралыгына асфальт жабуусу төшөлгөн.
Ошондой эле, республикалык бюджеттен “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча Баткен облусундагы чек арадагы автомобиль жолдорунун жана жасалма курулмалардын курулушун улантуу жана долбоорлоо үчүн 36,5 млн.сом кошумча план боюнча 250,0 млн. сом каралып, анын ичинен 286,5 млн. сом бөлүнгөн.Азыркы учурда жол-курулуш иштери беш объект боюнча жүргүзүлүп, узундугу 15,7 км болгон асфальт жабуусу төшөлүп бүткөрүлдү: (Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык; Ак-Сай-Рават; Миң-Булак-Чорго-Аксай; Кулуна-Максат-Арка, Самаркандек-Мадиген-Даркум).

КР ТжКМ басма сөз кызыматы

2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө
2021-жылга титулдук тизме боюнча жолдорду кышкы кармоого 216 767,5 млн.сом каралган. 12 ай ичинде кышкы кармоо боюнча аткаруу 203 616,5 млн.сомду түздү.
Бүгүнкү күндө кышкы мезгилге даярдык көрүү боюнча иштер жүрүүдө жана даярдык 80% га жакынды түзөт. Белгилей кетсек, титулдук тизменин өзгөрүүсүн, кышкы мезгилге карата даярдык боюнча иштер учурда толук жүрүп жатат.

Жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу.
2021-жылы республиканын айрым аймактарындагы жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча, тактап айтканда Ош, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл жана Баткен облустарында май-июль айларында көптөгөн жаан жаап, анын натыйжасында жалпы пайдалануудагы көптөгөн автомобиль жолдорунун жол тилкелери жана ички чарбалык жолдор бузулган,суу өткөрүүчү түтүктөр жана көпүрөлөр зыянга учураган.
Жалпысынан республиканын автомобиль жолдоруна табигый кырсыктардын кесепеттеринен келтирилген зыян 121,6 млн.сомду түздү, анын ичинен:
Баткен облусуна – 27,0 млн сом;
Ош облусу – 8,6 млн сом;
Ысык-Көл облусуна — 20,0 млн сом;
Жалал-Абад облусуна – 6,0 млн сом;
Талас облусу боюнча – 60,0 млн. сом.
Бүгүнкү күндө жол тейлөө мекемелеринин күчтөрү менен жалпы пайдалануудагы автожолдордо оңдоо иштери аткарылып, жолдорду селден тазалоого 34235,6 миң сомдук иштер аткарылды.

КР ТжКМ басма сөз кызыматы

Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо Департаменти (Автотранспорт департаменти)

Автомобиль транспорту

Транспорттук ишмердүүлүктү лицензиялоо
2021-жылы 17 366 даана лицензия берилип, андан 11 503 500 сом каражат түшкөн. 2020-жылы 15 483 даана лицензия берилип, 10 003 500 сом түшкөн.
Алардын ичинен:
— жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн – 9780 даана (2020-ж. — 8685)
— эл аралык жүк ташуулар үчүн — 7278 даана(2020-ж. – 6513)
— юридикалык жактарга – 308 даана (2020-ж. –285)
2021-жылы эл аралык жүк ташууларга 19 283 уруксат кагазы берилип, 5 146 200 сом төлөм алынган жана толугу менен республикалык бюджетке которулган. 2020-ж. 19 002 уруксат кагазы берилип, андан5 049 200сом келип түшкөн.
2021 год кыргыз жүк ташуучулары тарабынан 1701 139 рейс аткарылып, 2 623 930 тонна жүк ташылган. Ал эми 2020-жылы 128 032 рейс аткарылып, 2 005657 тонна жүк ташылган.
Кыргыз жүк ташуучулардын кызыкчылыктарын коргоо, эл аралык автотранспорт кызматтары рыногунда жагымдуу шарттарды түзүү жана чет өлкөлөр менен болгон соода-экономикалык алаканы мындан ары өнүктүрүү максатында 2021-жылы 41 мамлекеттен 27 925 уруксат кагаздары алынган.
2021-жылга карата атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарына берилген атайын уруксат жанаавтомобиль жолдоруна келтирген зыянын жана залалдарын калыбына келтирүүдөн жана ордун толтуруудан келип түшкөн каражаттардын жалпы көлөмү25 507213,8 сомду түзүп, толугу менен республикалык бюджетке которулган (2020-ж. – 24 435305 сом).
Салмак жана габариттик параметрлерин өлчөөдөн 2021-жылы 1 862 250 сом өндүрүлгөн (2020-ж. – 4 307 300 с.)
Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту, жол жана лицензиялык мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөөнүн алкагында 2021-жылы, 2020-жылга салыштырмалуу текшерүүдөн өткөрүлгөн транспорт каражаттарынын саны 26 пайызга, түзүлгон протоколдордун саны 27 пайызга, коюлган айып пулдун көлөмү80 пайызга, жана өндүрүлгөн айып пулдун көлөмү65 пайызгаөскөн.
Жер жүзүндө коронавирустук инфекциянын жаны штаммынын жайылышына байланыштуу Автотранспорт департаментине транспорттук көзөмөл пункттарында, станиялык курулмаларда жүргүнчүлөрдү ташуулардын эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тиешелүү рейддерди жана иш-чараларды күчөтүү тапшырылган.

КР ТжКМ басма сөз кызматы

“Кыргыз автобекети” МИ боюнча

Автовокзалдардын, автостанциялардын жана автокассалардын негизги ишмердиги жүргүнчүлөргө жана автожүк ташуучуларга кызмат көрсөтүү болуп эсептелет, ошого ылайык, ишкананын кирешеси эл аралык, шаар аралык жана шаар четиндеги багыттардагы жүргүнчү агымына көз каранды. Азыркы күндө мамлекеттик чек аралар жабык болгонуна байланыштуу бардык эл аралык рейстер азыркыга чейин ачыла элек.
Жылдын жыйынтыгы боюнча жөнөтүлгөн рейстердин саны 356,8 миң жана 2548,6миң жүргүнчү жөнөтүлгөн. Ал эми 2019-жылдын ушул мезгилинде 574,1 миң рейс аткарылган жана 4689,3 миң жүргүнчү тейленген.
2021-жылдынжыйынтыгында “Кыргыз автобекети” МИнын кирешеси пландалган 68 млн 138 миң сомдун ордуна 70 млн 607 миң сомду түздү же планды аткаруу 103,6 % түздү. 2020-жылы киреше 42 млн. 969 миң сомду түзгөн.
2021-жылы сарпталган каражаттар 66579,5 миң сомду түздү, план боюнча 66794,6 миң сом болчу. 2020 –жылы чыгымдар 46940,3 миң сомду түзгөн.
Ошондо 2021 – жылы баланстык кирешеси 4027,6 миң сомду түзд план боюнча 1343,4 сом болчу. Баланстык киреше плага салыштырмалуу 2,9 эсеге көп.
“Кыргыз темир жолу” УК” МИ боюнча

Кыргыз темир жолунда 2021-жылы 7 647,3 миң тонна же 120,8% жүк ташуу күтүлүүдө, өсүш 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 340,8 миң тоннаны түзөт(2020-жылдын ушул мезгилинде – 7 306,5 миң тонна). Ошонун өзүндө 2021-жылдын отчеттук мезгилинде күтүлгөн жүк айлантуу 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 002,8 млн.тн/км көлөмүндө болду же 107 % (2020–жылы – 937,5 млн.тн.км).
2021-жылы Кыргыз темир жолу менен 255 200 жүргүнчү ташылган, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 182 839 жүргүнчүгө көп, (2020–жылы – 72 361 жүргүнчү).
Кыргыз Республикасынын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин жүктөрдү темир жол ташууларына болгон муктаждыктарын канааттандыруу максатында «Кыргыз темир жолу» УК» МИ өз каражаттарынын эсебинен «Алтай вагон» ААКсынан 456 млн сомдон ашык суммага 100 жарым вагон сатып алган.
2021-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын катышуусунда «Алтайвагон» ААКсынан «Кыргыз темир жолу» УК» ММге жүк ташуучу жартылай вагондордун биринчи партиясы келгендигине байланыштуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
100 жартылай вагондун 10у келди, калгандарынын келиши 2022-жылдын биринчи кварталында күтүлүүдө.
Мындан тышкары, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын кыймылдуу курамын жаңылоо, локомотивдерди, вагондорду, адистештирилген жабдууларды жана программалык камсыздоону жеткирүү, ошондой эле лизингдик операцияларды каржылоо жаатында кызматташууну түзүү максатында 2021-жылдын 10-ноябрында «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы, Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду жана өнөр жайды өнүктүрүү боюнча Улуттук лизинг корпорациясынын («Нацпромлизинг» ЖЧКсы) ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.
Ошондой эле, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын эсебинен 20 чакырым темир жолду оңдоо үчүн 2647 тонна рельс сатып алынган. 2021-жылдын ноябрында Куямат – Куркол тилкесинде рельстерди алмаштыруу иштери башталган.
Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун куруу жана Луговая-Балыкчы темир жолун электрлештирүү долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн кеңири талкуулоо үчүн “Инженердик корпорация №3 Railways of China” ЖЧКсынын делегациясынын Кыргыз Республикасына болгон иш сапары аяктады. Биргелешкен иштин жыйынтыгы боюнча долбоорлорду андан ары илгерилетүү жана практикалык ишке ашыруу үчүн техникалык чечимди жана каржылык эсепти даярдоо пландаштырылууда.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы №326 буйругуна ылайык, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасына төлөө үчүн 500 млн сом өлчөмүндө бюджеттик ссуда бөлүнгөн. Аны менен 2018 жана 2020-жылдары түзүлгөн таза кирешенин 50 пайызы үчүн карыздарды жана айыптарды жабуу үчүн «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин 500 млн сом карызы төлөндү.

КР ТжКМ басма сөз кызыматы

Жарандык авиация
Дүйнөлүк экономикалык кризистин шартында 2021-жылдын Кыргыз Республикасынын авиация тармагынын биринчи кезектеги милдети мурдагы кризиске чейинки деңгээлдеги үзгүлтүксүз аба каттамдарын калыбына келтирүү болуп саналды.2021-жылы Кыргыз Республикасында аба транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу акырындык менен калыбына келтирүү жана турукташтыруу, ошондой эле башка мамлекеттердин жарандык авиация бийлик органдары тарабынан COVID-19 пандемиясына байланыштуу чектөөлөр алынышы жана үзгүлтүксүз жана туруктуу эмес каттамдар калыбына келүүсү байкалды.
Чектөө чаралары алынгандан кийин аба транспорту рыногу тез арада калыбына келе баштады.КыргызРеспубликасынын аэропортторунда тейленген жүргүнчүлөр боюнча оперативдүү маалыматтарга ылайык, жалпысынан 2021-жылдагы көрсөткүчтөрдү 2020-жылга салыштыртырууга болот (кризистик мезгилге чейин 2020-жылы 3,6 миллион жүргүнчү тейленген, 2021-жылы (оперативдүү маалыматтар боюнча) — 3,9 миллион жүргүнчү).
«Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропорттору жүк, гуманитардык жана атайын чартердик каттамдарды аткарган чет элдик жана ата мекендик авиакомпаниялардын учактарын кабыл алууну жана тейлөөн үулантууда.«Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторунда дезинфекциялоо режими боюнча иш-чаралар күчөтүлүп, профилактикалык иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.Аэропорттун кызматкерлери керектүү медициналык буюмдар жана ЖКК (коргоочу костюмдар, медициналык маскалар, кол каптар, антисептиктер ж.б.) менен камсыздалган. Аэровокзал комплекстеринде дезинфекциялоочу каражаттар, маалымат такталары, коронавирустун алдын алуу боюнча плакаттар жана видеолор, ошондой эле социалдык аралыкты сактоо үчүн белгилер орнотулган.
2021-жылдын 18-январынан тартып«Бишкек-Исфана-Бишкек»багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар жандандырылды.Рейстерди«Тез Джет» авиакомпаниясы тарабынан аткарылат,жыштыгы жумасына 2 жолу.Учуунун узактыгы 1 саат 15 мүнөт.
Өткөн жылы “Манас” эл аралык аэропортунун АВК-2 аэропорт комплексинин имаратында курулуш-монтаждоо иштери аяктады.Ошондой эле АВК-2 имаратында 3 панорамалык лифт, «Манас» эл аралыкаэропортунун АВК имаратындажүк-жүргүнчүлөрдү ташуучу лифт орнотулду.Мындан тышкары “Манас” эл аралыкаэропортунда жүргүнчүлөрдү каттоо жана багажды тейлөө боюнча 5 комплект технологиялык жабдуулар орнотулду.
«Ош» эл аралыка эропортунда перрондун жасалма төшөлмөсүн реконструкциялоо жана «Ош» эл аралык аэропортунун аэродромунун коммуникацияларын реконструкциялоо иштери аяктап, учуп келүү зонасында жакшыртылган комфорт залы кеңейтилди. «Ысык-Көл» эл аралыка эропортунда 2021-жылы аэропорттун терминалынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында жүргүнчүлөрүчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.«Ысык-Көл эл аралык аэропортунун аэровокзалын кеңейтүү» долбоору ишке ашырылып, натыйжада АВК имараты 160 кв.м. кеңейтилген.Ошондой эле «Караван» аэропортунда аэродромдун жасалма жабуусунун элементтеринин үстүноңдоо-калыбына келтирүү иштери аяктады.

КР ТжКМ 2022-жылга пландары
Жарандык авиация боюнча ченемдик укуктук актыларды ИКАОнун стандарттарына жана сунуш кылынган практикасына ылайык келтирүү боюнча иштерди улантуу зарыл;
— Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин 2021-2023-2020-жылдарга координацияланган (макулдашылган) транспорт саясатын ишке ашыруунун негизги багыттарын жана этаптарын ишке ашыруу боюнча «жол карталарынын» иш-чараларынын планы боюнча ишти улантуу (граждандык авиация боюнча);
— ИКАОнун аудитин өтүү боюнча Жол картаны иштеп чыгуу жана министрликтин кароосуна киргизүү;
-аба кемелеринин учууларынын коопсуздугун, авиациялык коопсуздукту жана жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын камсыз кылуу максатында жарандык авиациянын ишмердүүлүгүн мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашыруу боюнча иш күчөтүлөт;
-коопсуз, үзгүлтүксүз жана эффективдүү аба ташууларын жана авиациялык атайын иштерди,жарандык авиациянын кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү, ошондой эле аба транспортун пайдалануучулардын керектөөлөрүн жан аавиациялык атайын иштерди канааттандыруу боюнча жагымдуу шарттарды түзүү иштери жүргүзүлөт;
— учуулардын географиясын кеңейтүү боюнча иштер улантылат;
— Кыргыз Республикасынына эропортторунда аэронавигациялык жабдууларды модернизациялоо, анын ичинде “Манас” аэропортунун аба кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасын модернизациялоо, Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде бирдиктүү АТС борборун түзүү жана«Манас» жана «Ош» аэропортторунда була-оптикалык байланыш линиясын (ВОЛС) куруу жана тартуу;
— 2020-2022-жылдарга «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын аба кыймылынын тейлөө системасын өнүктүрүү жана модернизациялоо стратегиялык программасынын пункттарын өзубагында жана сапаттуу аткаруу;
— Кыргыз Республикасында учуулардын коопсуздугун камсыз кылуунун алкагында аба кыймылын тейлөө системасынын талаптагыдай жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча иштерди улантылат;
— 2021-2025-жылдарга “Манас” эл аралык аэропорту” ААК өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча зарыл иштерди жүргүзөт;
— “Манас” эл аралык аэропорту” ААК тармагында Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча зарыл иштерди жүргүзүлөт;
-республиканын аэропортторун модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча иштерди улантылат;
— Кыргыз Республикасынын аэропортторунда жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатуу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлөт;
— аэропорттордо жүргүнчүлөрдү тейлөө чөйрөсүн кеңейтүү улантылат;
— жогорку кесиптик билими бар адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо боюнча иштер улантылат;
— Кыргыз авиациялык институтунун потенциалын чыңдоо боюнча Дүйнөлүк банктын долбоорун ишке ашыруу боюнча иштер улантылсын, атап айтканда, Кыргыз Авиаинститутунун билим берүү программасын кайра карап чыгуу, потенциалды өнүктүрүү, авиациялык персоналды тестирлөө үчүн программалык камсыздоону алуу жана окутуу прибор, ошондой эле Кыргыз авиация институтунун объектилерин ремонттоо;
— Мамлекеттер аралык авиациялык комитети МАК менен бирдикте Кыргыз Республикасында учкучсуз учуучу системаларын өнүктүрүү жана аларды коопсуз эксплуатациялоо боюнча долбоордун үстүндө иштөө;
— өзүбүздүн илимий базабызды түзүү жана өркүндөтүү боюнча зарыл иштерди жүргүзүү, КМШ өлкөлөрүндө жана алыскы чет өлкөлөрдө өнөктөш авиациялык университеттердин тизмесин кеңейтүү.
КР ТКМ басма сөз кызматы

КР ТжКМнин Инвестициялык долборлорду ишке ашыруу тобу (ИДИАТ)
Бүгүнкү күндө, биздин Министрлик жол куруу тармагында эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарын тартуу менен жалпы долбоордук баасы 969 млн. АКШ долларын түзгөн 14 долбоорду ишке ашырууда. Долбоорлор боюнча төмөнкү курулуш иштери жүргүзүүлүдө:
— Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 5 долбоордук участогунда.
Белгилей кетсек, Арал-Казарман жолунун 2-фазасы узундугу 99 кмди түзгөн жана 2 эстакадалык көпүрө жалпы узундугу 1,5 км болгон жол участкасы 2021-жылдын ноябрь айында пайдаланууга берилген.
Белгилей кетсек, Бишкек-Ош жолун реконструкциялоо долбоору, Бишкек-Кара-Балта тилкеси 2 участогуна бөлүнгөн. Негизги 45,1 км узундуктагы участогуна 4 жана 6 тилкелүү асфальт-бетон төшөлгөн. Бул тилкедеги негизги курулуш иштери 2021-жылы аяктаган. 2-тилкесиндеги узундугу 7,4 км болгон кошумча участкасында жолкурулуш иштери2021-жылы башталган. Бул участканын курулуш иштеринин аяктоосу 2022-жылга пландалууда. Башында, долбоордо иш негизги участокто гана болот деп пландаштырылган, бирок негизги участокту реконструкциялоодо үнөмдөө пайда болгонун улам, кошумча участокто курулуш иштерине инвестициялоо чечими кабыл алынган.

Маданият-Жалал-Абад унаа жолунун курулушуна токтолсок, бүгүнкү күндө бул жерде жалпы узундугу 67 кмны түзгөн жолдон 42 кмне жаңы асфальт-бетон жол төшөлмөөсү төшөлдү. 2019-жылы каржылоонун жоктугунан долбоордокечиктирүү болгон, бирок маселе чечилген. 2022-жылы долбоордун негизги курулуш иштерин бүтүрүү пландалууда.
Республика боюнча реабилитацияланган участоктордун жалпы узундугу 733 км түзгөн. 2021-жылы долбоордук участоктордо жалпы узундугу 113 км(2021-жылга койулган план 90 км)болгон жолдордун курулушу бүтүрүлгөн, б.а.120%га жетишүү.
Мындан тышкары, бүгүнкү күндө даярдалып жаткан 3 жаңы долбоор боюнча иштер жүрүп жатат: Ысык-Көл айланма жолунун 2 долбоордук участогу жана Арал-Суусамыр жолунда 1 долбоор.
КР ТКМ басма сөз кызматы

2022-жылга КР ТКМнин пландары
Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен төмөнкүлөр пландаштырылууда:
-Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 1-фаза,узундугу 125,9 км болгон Кызыл-Жылдыз а. участогунун курулуш иштерин бүтүрүү үчүн, 500 метр тоннель казуу иштерин бүтүрүү;
 Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 2-фаза, узундугу 99 км болгонАрал — Казарман а. (195-291 км), участогунда жоопкерчиликтин кепилдик мөөнөтүндө калган жумуштарды бүткөрүү жана кемчиликтерди жоюу;
 БАРЭК 3 коридорунун жакшыртуу долбоорунун 4-фазасы,(Бишкек-Кара-Балта участогу, 15,9- 61 км)узундугу 45,1 км болгон участогун жакшыртуу, башкача айтканда, калган курулуш иштерди бүткөрүү жана кепилдик мөөнөттө кемчиликтерди жоюу;
 БАРЭК 3 коридорунун жакшыртуу долбоорунун 4-фазасы, (Бишкек-Кара-Балта участогу, 8,5 — 15,9 км) узундугу 7,4 км болгон участогунда – 7,4 км асфальт-бетон төшөлмөсүн толук төшөө;
 Бишкек-Ош жолун реконструкциялоо, 4-фаза (Маданият-Жалал-Абад участогу) узундугу 67 км болгон долбоорун ишке ашырууну улантуу;
 БАРЭК 1 жана 3 транспорттук коридорлорунун бириктирген жолдун долбоорун (89 км – 159 км Эпкин-Башкууганды участогу)узундугу 70 кмтүзгөн жол долбоорун ишке ашырууну баштоо;
 БАРЭК 1 жана 3 коридорлорун ортосундагы бириктирүүчү жолдорунун долбоорун(Балыкчы 0-43 км жана Кочкор-Эпкин 62,4–89,5км, узундугу 70,1 км участокторун) ишке ашыруу;
 Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолун реконструкциялоо 3-фаза, (Дыйкан-Кызыл-Жылдыз а. 159-183км) долбоорунда 14 км асфальт-бетон төшөлмөсүн төшөөнү бүтүрүү;
 Балыкчы-Каракол-Балыкчы унаа жолунун реконструкциялоо(Корумду-Балы-Баатыр а. 104-184,5 км) долбоорунун алкагында консультанттык компанияны тандоону аяктоо жана подрядчыны тандоого киришүү;
 Тараз-Талас-Суусамыр автожолун реконструкциялоо долбоорунун 4-фазасы, 105-199 км боюнча, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинен бул долбоор үчүн макулдук алуу жана Араб координациялык тобунан насыяга макулдук алуу;

«Түп-Кеген автожолун реабилитациялоо боюнча Борбордук Азиядагы аймактык коммуникацияларды жакшыртуу программасынын 3- фаза» долбооруна ылайык:
— 1-компонент боюнча подряддык жана консултанттык компанияларды тандоо боюнча тендердик жол-жоболорду аяктоо жана курулуш иштерин баштоо:
— авиация жана туризм компоненттери боюнча бардык Тендердик жол-жоболорду аяктоо жана 2022-жылдык иш планына ылайык аларды ишке ашырууну улантуу. «Эл аралык маанидеги магистралдык жолдорду жакшыртуу» кредиттик долбоорунун алкагында подрядчыларды тандоо боюнча Тендердик жол-жоболорду аяктоо жана долбоордук-сметалык документтеринде ыңгайлаштырылган аймактарда курулуш иштерин баштоо;
— «Бишкек-Ош 246-кмдеги автожолун кар көчкүгө каршы коргоо» гранттык долбоорунун алкагында курулуш иштерин аяктоо;
-«Талас-Тараз унаа жолундагы Үрмарал дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнү реконструкциялоо» долбоорунун алкагында курулуш иштерин баштоо.
2022-жылга милдеттенмелер

Автомобиль жана темир жол транспорту боюнча
— Автомобиль жана темир жол транспорту чөйрөсүндө ЧУАларды иштеп чыгуужана кабыл алуу;
— Евразия экономикалык биримдиктин алкагында автомобиль жана темир жол транспорту чөйрөсүндө интеграциялоо боюнча жумуштарды улантуу;
— Кыргыз Республикасынын транспорттук жана лицензиялык мыйзамдарынын талаптарын сактоо үчүн мамлекеттик контролду күчөтүү;
— Автомобиль жана темир жол транспортунда жүргүнчү ташуунун коопсуздугун камсыздоо;
-(COVID-19) коронавирус инфекциясын андан ары жайылтууга жол бербөө үчүн автомобиль жана темир жол транспортунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо боюнча чараларды кабыл алуу.
— автобекеттердин инфраструктурасын модернизациялоо жана жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу процессине заманбап технологияларды киргизүү үчүн инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун илгерилетүү;
— ташуулардын коопсуздугун камсыз кылуунун стратегиялык фактору катары Кыргыз темир жолунун кыймылдуу курамын жаңылоо жана жол инфраструктурасын модернизациялоо маселелерин чечүүгө багытталган конкреттүү чараларды ишке ашыруу;
-Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештирүү;
— Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече долбоорунун биринчи этабын ишке ашыруу үчүн Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо маселесин изилдөөнү улантуу;
— Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менен бирдикте «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасын темир жол курулушун ишке ашыруу жана кыймылдуу курамды жаңылоо үчүн бюджетке таза пайданын 50%ын төлөөдөн бошотуу маселесин иштеп чыксын;
— «КТЖ» УК» ММ кызматкерлеринин санына жана инвентаризациясына талдоо жүргүзүү;
— “2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун алга жылдыруу.
КР ТжКМ басма сөз кызыматы

2022-жылга республикалык бюджетин эсебинен аткрыла турган иштер
1. «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, автомобиль жолдорун оңдоого жана күтүүгө 2022-жылга бекитилген план боюнча 2 063 955,5 миң сом каралган.
Бул каражаттарга төмөнкү иштер пландаштырылууда:
— а/б катмарын төшөө — 104,1 км;
— ц / б катмарын төшөө — 2,0 км;
— ШПО катмарын төшөө — 76,5 км;
— карашагыл катмарын төшөө — 3,0 км;
— шагыл катмарын төшөө-75,0 км;
— көпүрөлөрдү курууга — 4 даана;
— аң чуңкурларды оңдоо-288 000м2. Ошол эле учурда, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасына ылайык, иш план кайрадан каралып:
— а/б катмарын төшөө –250,0 км;
— ШПО катмарын төшөө –150,0 км аткарууну жана жол битумун мамлекеттик сатып алуулар аркылуу 20,0 миң тоннага жеткирип жеңилдетилген тартипте алып келүүнү 2022-жылдын февраль айында камсыздалышы талап кылынган.
2022-жылга өлкөнүн аймактарындагы жергиликтүү бийлик органдары менен мониторингге ылайык 404 айыл аймагынын автомобилдик жолдордун жана ички көчөлөрүнө таш жолдорун төшөөгө 404,0 км жолду түзөт.
2022-жылга жол активдерин башкаруу системасынын (СУДА) экинчи этабын ишке ашыруу боюнча жалпы колдонуудагы 9000 км узундуктагы шагыл төшөлгөн автомобиль жолдорунун маалыматтарын чогултуу пландаштырылууда.

КР ТжКМ басма сөз кызыматы