mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2021- жылы 10-апрелинде КР транспорт, архитектура, курулуш жана коммункациялар министри Г.Абдралиева Кемин жана Ысык-Кол райондоруна жумушчу иш сапары менен барды

2021- жылы 10-апрелинде КР транспорт, архитектура, курулуш жана коммункациялар министри Г.Абдралиева Кемин жана Ысык-Кол райондоруна жумушчу иш сапары менен барды.
Жолдон Кемин районунан оор жүк контролдоо постунун иши менен таанышып,андан ары Балыкчы-Тамчы-Корумду жолунун абалын жеринен кѳрдү, аткарылып жаткан иштер боюнча министрликтин алдындагы Жол чарба департаменитинин  башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу  Ж.Содомбаев маалымат берди.

Жумушчу иш сапар «Тамчы» Эл аралык аэропортунун инфраструктурасы менен таанышуу менен улантылып,, аймакта туристтик сезондун жакындашына байланыштуу жүргүнчүлѳргѳ жана конокторго бардык ыңгайлуу шарттарды түзүү керектигин баса белгиледи. Эске сала кетсек аталган аэропорт жыл жаныргандан бери  алыскы жана жакынкы ѳлкѳлѳрдон конокторду кабыл ала баштаган.

Ошондой эле министр Г.Абдарлиева  Ысы-Кѳл аймактык курулуш жана архитектура башкармалыгынын иши менен таанышты.