mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2021-жылдын 24-25-июль күндөрү Транспорт жана коммуникация министри Гүлмира Абдралиева Чүй жана Нарын аймактарында иш сапары менен жүрөт

24-июлдун башталышын министр Киркомстром районунда курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Андан соң Төө-Ашуу туннелинин түштүк порталында болуп, ал жердеги Бишкек-Ош мамлекеттик унаа жолунун жана №9 ЖТМнин өкүлдөрү менен жолугушту. Анда 8,5 км аралыкта ( 132-140.5 км) Төө-Ашууда жолдорду капиталдык ремонт жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.
Түштөн кийин Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 159 -183 км «Чаек-Кызыл-Жылдыз» тилкесиндеги курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышат. Түндүк-Түштүк унаа жолунун 89 – 159 кмдеги Эпкин-Дыйкан участкасынын долбоору боюнча да консультанттын өкүлдөрү менен жолугушат жана ошондой эле Дыйкан-Кара-Кече жолунун абалы текшерилет.
25-июлунда министр Г.Абдралиева Он-Арча-Жаңы-Талап унаа жолунун 23 км узундуктагы бөлүгүнө барат. Кочкор районундагы шагыл төгүлгөн жолдордун абалы менен таанышып, сапардын жыйынтыгын жол ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен жолдордун акыбалын талкуулайт.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы