mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2020-жылдын 23- сентябрындаКыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинде Мамлекеттик тил күнүнө арналган лекция ѳттү

Бүгүн  23- сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинде Мамлекеттик тил күнүнѳ арналган жыйын ѳтүп, ал жыйынга  КРСУнун профессору — Джапанов Аттокур Асаналиевич келип лекция окуп кетти.  Аталган лекцияга министрликтин жетекчилери жана министрлик алдындагы мекеме иш каналардын  кызматкерлери келип катышты.  Лекция учурунда кыргыз тилинин байлыгы, байыркы тил экенин тууралуу айтылды.

Мамлекеттик тил күнүнѳ арналган иш чарада Джапанов Аттокур Асаналиевич  эне тилди ѳнүктүрүүгѳ, колдоого жана ошондой эле министрликте болгон иш кагаздарын ѳз тилибизде жүргүзүүнү сунуштады. Ошондой эле жаш муундарды тарбиялоодогу ѳзгѳчѳ ролу бар экендигин айтып ѳтүштү.

Пресс- кызмат