mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2020-жылдын 21-сентябрында Кара-Кечедеги жер көчкүнүн жанынан жалпы узундугу 3300 метр, туурасы 4 метр болгон жолду эки тараптан куруп  жатышат.

2020-жылдын 21-сентябрында Кара-Кечедеги жер көчкүнүн кесилишинде жалпы узундугу 3300 метр, туурасы 4 метр болгон жолду эки тараптан куруп  жатышат. Учурда 200 метрдей жер жумушу калды.  Жолчулар аталган участокто күнү- түнү таалыкпай иш алып барышууда.

Убактылуу жолду куруу үчүн Дыйкан-Кара-Кече автожолунун (жер көчкү участогу) 37 чакырымына тандалган маршруттун узундугу 3-3,5 чакырымды түзөт, ал тоо боорунун аскалуу жана таштуу жерлерин бойлой өтөт.

Учурда Кара-Кече участкасынын капталынан оор салмактуу  бульдозер Дыйкан айылына жана айылдын карама-каршы тарабына унаа жолун жасап жатат. Дыйкан айылында эки жеринде  2 экскаватор колдонуп, татаал аянтта иштер  баштады. Жумуш эки сменада жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары, Кара-Кече тараптанда бери Дыйкан айылын кѳздѳй бир бульдозер  ишке киргизилди. Ал эми  Дыйкан айылында  2 даана экскаватор иштеп жатат.  Жол куруучу техникаларды мобилизациялоо жана күйүүчү-май толугу менен чечилди.

Калкты көмүр менен камсыздоодо үзгүлтүккө учуратпоо жана кыш мезгилине даярдануу максатында жүк ташуучу унаалар көмүрдү төмөнкү каттамдар боюнча ташышат. Көмүр ташылган жүк ташуучу унаалардын негизги агымы (90%) Кара-Кече карьеринен Куртка-Соңкөл жолу боюнча Ак-Талаа районундагы Молдо-Ашуу ашуусу аркылуу жүргүзүлөт. Аталган маршрут боюнча жолдун узундугу Балыкчы шаарына чейин 370 км, анын ичинен канааттандырарлык абалда болгон топурак жолдун бою менен 75 км.

Пресс=кызмат