mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2020-жылды Маданият-Жалал-Абад участкасысын реконструкциялоодо 7 км асфальт-бетон катмары төшөлдү

Бишкек-Ош автожолунун 4-Фазасынын  Маданият-Жалал-Абад участкасысын реконструкциялоо долбоору. Жалпы узундугу 67км түзѳт.

2019-жылы башкы подрядчик деталдуу долбоорду иштеп чыгып, Мамлекеттик экспертизанын оң корутундусун алган. 2020-жылдын курулуш сезонунда толук масштабдуу курулуш иштери башталды, анын жүрүшүндө болжол менен 7 км асфальт-бетон катмары төшөлдү, ошондой эле 10 км жол базасы курулду. Долбоордун жалпы өнүгүшү болжол менен 8% га жетет

Долбоордун алкагында Маданият айылынан Жалал-Абад шаарына  чейинки узундугу 67 чакырымды түзгөн трассаны реконструкциялоо кирген. Ошондой эле 4 чоң жана 5 чакан көпүрө куруу каралып, долбоордун максаты — жол кыймылын уүзгүлтүксүз ѳткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана жол тилкесиндеги кырсыктарды азайтуу болуп саналат.

 

Аталган долбоор бүтсѳ региондун жалпы экономикалык жана социалдык өнүгүүсүндө өзгөчө ролду ойнойт, айрыкча айыл тургундарын шаардын борборлору менен байланыштырып, жергиликтүү жана аймактык базарларда кызмат көрсөтүүлөрдү жакшырып,  соода иштерина да бир топ жеңилдиктер түзүлѳт.

 

Маалымат:

Донору:                                           Евразиялык Өнүктүрүү Банкы;

Консультант                                   Renardet (Швейцария).

Подрядчы                                        Azvirt (Азербайджан).

Проектин баасы  жалпы кошумча иштер менен = $64,4 млн.

Пресс- кызмат