mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2019-жылдын 9- октябрында Эйр Манас авиакомпаниясынын Бишкек-Ош- Бишкек авиакаттамында техникалык себептерден улам 3 каттам убактылуу токтотулду.

Авиакомпаниянын техникалык кызматкерлери тарабынан бузулуу себептерин жоюу иштери жүргүзүлүп жатат. Токтотулган авиакаттамдын жүргүнчүлөрү билеттерин башка күнгѳ алмаштырып, же акчаларын кайтарып алса болот.
Токтотулган каттамдардын жүргүнчүлѳрүнүн билеттери башка рейстерге алмаштырылып, же билетке төлөнгөн акча каражаттарын толук көлөмдө кайтарып алса болот. Токтотулган каттамдардын каалаган жүргүнчүлөрүнө Авиакомпания тарабынан мейманканадан орун берилди.
Ал эми башка Авиакомпаниялардын ушул багыттагы каттамдары “Бишкек- Ош –Бишкек” ѳз убактыларында аткарылып жатат, тактап айтканда, Тезжет жана Авиатрафик учууларын кадимки режимде улантууда.

Пресс-кызмат