mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2018-жылдын 26 апрелинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри Ж.Калиловго Санжыра радиосунун угармандарынан берилген суроолорго жооп

Чүй облусу боюнча.

  1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы буйругунун негизинде ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун 9 км 13 км чейин  жээгинде жайгашкан дүкөндөрдү ирээтке келтирүү максатында төмөнкү иш чаралар жасалган:

Иш чаранын негизинде 52 кемчилик аныкталып, анын ичинен                       21 кемчилик жоюлган. Ошол күнү 12 дүкөндүн ээлери менен жол коопсуздугун сактоо үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Азыркы учурда, кайрадан пайда болгон кемчиликтиеди жоюу боюнча жакынкы күндөрү тиешелүү комиссия түзүлүп, жеринде барып тактоо иштери жүргүзүлмөкчү.

  1. Байтик айылындагы мектепке баруучу жол министрликтин карамагында турбайт.

Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, муниципалдык жолдор муниципалдык менчикте турат. Аларды башкаруу ишин алардын сакталышын, оңдолушун, күтүлүшүн жана өнүгүшүн өз каражаттарынын эсебинен камсыз кылууга милдеттүү.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын (15.07.2011ж. N 101) 18-беренесинин
1-бөлүгүнүн 6-пунктунда, жергиликтүү маанидеги маселелердин бири болуп калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу болуп саналат.

Жергиликтүү тургандардын көйгөйлүү маселелерине кайдагер карабастан, мектепке баруучу жолго оңдоо үчүн №25-жол тейлөө мекемеси тарабынан жол оңдоочу техника менен жардам берилет.

  1. Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан (тургундардын айтуусу боюнча “Понарамо”) айылынын жолдору министрликтин карамагында турбайт.

Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, муниципалдык жолдор муниципалдык менчикте турат. Аларды башкаруу ишин алардын сакталышын, оңдолушун, күтүлүшүн жана өнүгүшүн өз каражаттарынын эсебинен камсыз кылууга милдеттүү.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын (15.07.2011ж. N 101) 18-беренесинин
1-бөлүгүнүн 6-пунктунда, жергиликтүү маанидеги маселелердин бири болуп калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу болуп саналат.

Бишкек шаарынын карамагында турган Профсоюз көчөсүнүн 3,5 км аралыгы оңдолуп бүткөн.

Ал эми, 2016-жылдын 19-февралында Сокулук районунун администрация башчысы-аким Кенжебаев А.Б, Ново-Павловка жана Военно-Антоновка айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери, “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо институнун башкы инженери Т.Солтобаев, Бишкек-Ош автомобиль жолдорунун мамлекеттик дирекциясынын (ошол кездеги) директору И.Д. Токтомамбетовдордон турган комиссия түзүлүп, жеринде барып көрүшүп, Кустанайск көчөсүнөн баштап Профсоюзный көчөсү аркылуу Сокулук районунун МАИ постуна чейинки көчөнүн долбоору (Корсакова көчөсүнүн) көрүстөн жайгашкан “П” түрүндөгү электр линиясы өткөн түштүк тарабынан кетүүчү долбоор тандалган. Азыркы учурда, долбоор алкагында тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө.

 

Нарын облусу боюнча.

  1. Жумгал районуна караштуу № 24-жол тейлөө мекемеси эл аралык маанидеги Кочкор-Арал-Төө-Ашуу автомобиль жолунун 41-140 км тейлейт.

Кызарт бели 50 км жайгашкан. Бул автомобиль жолу 3 жана 4 категориядагы жол болуп эсептелинет, 55,6 км аралыгы асфальт-бетон катмары, 17,4 км аралыгы карашагыл катмары, 26 км шагыл катмар жол. 2017-жылы автомобиль жолду тейлөөгө жалпысынан 6200,2 миң сом жумшалып, анын ичинен: Оңдоо жумуштарына 3588,7 миң сом, Жайкы кармоо жумуштарына 105,1 миң сом, Кышкы кармоо жумуштарына 2506,4 миң сомдук жумуштар аткарылган. Ал эми, 2018-жылдын 4 айында кышкы кармоо жумуштарына 1265,6 миң сом, күндөлүк оңдоо жумуштары 1102,1 миң сомго жана жайкы кармоо жумуштарына 100,4 миң сомго жумуштар аткарылган.

Жылына аталган  автомобиль жолдун асфальт-бетон катмарларынын аң-чөнөктөрүн оңдоо, жол белгилерин орнотуу, оңдоп-түзөө, суу өтүүчү түтүктөрүн тазалоо, шагыл жолдорду айына бир жолу автогрейдер менен кырып, тегиздөө (профилировка), таштарын терүү жумуштары аткарылып келет.

 

  1. Ак-Талаа районундагы № 15-жол тейлөө мекемесине караштуу Баетов-Кош-Дөбө автомобиль жолу мамлекеттик маанидеги жол болуп эсептелет, узундугу 0-100 км тейленет. Автомобиль жолдун 4 км                  асфальт-бетон катмары, 2 км карашагыл катмары жана 94 км шагыл жол болуп саналат. Жылына аталган автомобиль жолуна жол белгилерин орнотуу, оңдоп-түзөө, суу өтүүчү түтүктөрүн тазалоо, шагыл жолдорду айына бир жолу автогрейдер менен кырып тегиздөө (профилировка), таштарын терүү жумуштары жасалат. 2017-жылы кышкы кармоо жумуштарына 1485,9 миң сом, күндөлүк оңдоо жумуштарына 1872,6 миң сом жана өзгөчө кырдаалдар жумуштарына 577,6 миң сомго иштер аткарылган.

2018-жылдын 4 айында кышкы кармоо жумуштары 784,1 миң сомго, күндөлүк ондоо жумуштары 543,2 миң сомго жана өзгөчө кырдаалдар жумуштарына 141,7 миң сомго иштер аткарылган.

2017-жылы ушул эле жолдун 88-90 км (2 км) аралыгына 4447,6 миң сомго карашагыл катмары (черногравий) төшөлгөн.

Ал эми, 2018-жылдагы министрликтин иш-планына аталган жолдун              27-29,3 км (2,3 км) 2000, миң сомго карашагыл катмарын төшөө жумуштары каралып, 2018-жылдын жай айларында жумуш башталмакчы.


  1. Катта көрсөтүлгөн Макмалдан Казарманга бара турчу жол бүгүнкү күндө Макмал-Алтын комбинаты тарабынан тейленет жана союз учурунан бери комбинаттын балансында болуп келүүдө.

 

  1. Ак-Талаа районундагы № 15-жол тейлөө мекемесине караштуу Орто-Сырт айылына баруучу Баетов-Акбейит автомобиль жолу мамлекеттик маанидеги жол болуп эсептелет, узундугу 0-69 км. Автомобиль жолдун               3,8 км асфальт-бетон катмары, 65,2 км шагыл жол болуп эсептелинет. Акча каражатынын тартыштыгына байланыштуу аталган автомобиль жолдун шагыл катмарын жылына 2-3 жолудан автогрейдер менен кырып тегиздөө (профилировка) таштарын терүү жумуштары жасалып, кышкысын жолдун кардан тазалоо иштери аткарылып келүүдө. 2017-жылы кышкы кармоо жумуштарына 81,6 миң сомго, күндөлүк оңдоо жумуштары 533,8 миң сомго  аткарылган. 2018-жылдын 4-айында кышкы кармоо жумуштарына 50,5 миң сомго күндөлүк оңдоо жумуштары 9,5 миң сомго аткарылган.

Ал эми, 2017-жылы ушул эле жолдун 88-90 км чейинки (2 км) аралыгына 4447,6 миң сомго кара шагыл катмары (черногравий) төшөлгөн.

 

Жалал-Абад облусу боюнча.

  1. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы заводго кеткен автомобиль жол Ноокен айыл аймагынын карамагындагы муниципиалдык жол болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин карамагында турбайт.

Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, муниципалдык жолдор муниципалдык менчикте турат. Аларды башкаруу ишин алардын сакталышын, оңдолушун, күтүлүшүн жана өнүгүшүн өз каражаттарынын эсебинен камсыз кылууга милдеттүү.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын (15.07.2011ж. N 101) 18-беренесинин
1-бөлүгүнүн 6-пунктунда, жергиликтүү маанидеги маселелердин бири болуп калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу болуп саналат.

  1. 2. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Арал айылына баруучу жол № 22-жол тейлөө мекемесине караштуу.
  2. 3. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы фуралар боюнча.

Автотранспорт агенттигинин аймактык башкармалыктарында транспорттук көзөмөл пункттары жана транспорттук көзөмөлдүн мобилдик топтору иш алып барышат.

Кыргыз Республикасынын «Автомобиль жолдору жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесинин талаптарына ылайык, автомобиль жолдорун пайдалануучулар жүк жана жүргүнчү ташуу учурунда автомобиль жолдорунун жана жол курулмаларынын оң абалда сакталышын камсыз кылууга, ушул Мыйзамдын талаптарын, жол кыймылынын эрежелерин, автомобиль жолдорун, жол курулмаларын пайдалануунун эрежелерин жана Кыргыз Республикасында аларды коргоонун тартибин, муниципалдык жолдорду пайдалануунун эрежелерин, ведомстволук жана жеке менчик автомобиль жолдоруна алардын ээлери кандай тартип чектесе, ошолордун баарын сактоону камсыз кылууга милдеттүү.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 «Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 525 токтому менен, Кыргыз Республикасынын жалпы колдонуудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүүгө багытталган транспорттук каражаттардын максималдуу жалпы массасы, октук жүгү, өлчөмү жана башка линиялык параметрлери белгиленген.

Аны менен катар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтому менен бекителген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу Тартибинин 5-пунктунун талаптарына ылайык — Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жалпы салмагы, октук салмак басымы, ченемдери жана башка линиялык параметрлери жол берилген көрсөткүчтөрдөн ашып кеткен, жүктүү же жүксүз транспорттук каражаттардын өтүүсүнө жол берилбейт. Мындай транспорттук каражаттар жүгүн түшүрүүгө тийиш, муну менен катар жүктөөгө, түшүрүүгө кеткен транспорттук чыгымдар жүк ташуучуга же жүк ээсине жүктөлөт.

Буга кошумча төмөнкүлөрдү билдиребиз, салмак габариттик параметрлери сакталбаган унаалардын ээлери Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» Кодексинин 213-5 – беренесине ылайык администрациялык жоопкерчиликти тартат.

  1. 4. Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылы аркылуу өткөн мамлекеттик маанидеги Ала-Бука – Жаңыбазар – Кировка автомобиль жолу №27-жол тейлөө мекемесинин карамагында турат.
    2017-жылы аталган автомобиль жолдун 21-25 км аралыктарына 4 км узундукта шагыл төшөлгөн. Ал эми, 2018-жылы аталган автомобиль жолдун
    2 км аралыгына шагыл төшөө жумуштары аткарылат.
  2. 5. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак-Арал-Жийде автомобиль жолунун узундугу 9 км, азыркы учурда абалы канааттандырарлык. Жакынкы күндөрү аң-чөнөктөрдү оңдоо иштери аткарылат.

Ысык-Көл облусу боюнча.

  1. «Балыкчы-Каракол-Балыкчы автомобиль жолунун, I бөлүгүн 0-104 км участогун реконструкциялоо» (Балыкчы-Корумду) долбоорунун курулушун Циандондук корпорациясынын «Лонг Хай» ЖЧК компаниясына генералдык подрядчы катары жүргүзүп келет. Аталган долбоор республикалык бюджеттен каржыланат, бюджеттен каралып жаткан каражаттар чектелүү болгодуктан аталган компанияга кредиттордук карызбар. Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду автомобиль жолунун курулушунда субподрядчы эки тараптык түзүлгөн келишимдин негизинде субподрядчы болуп иштеген жеке ишкерлер, арендага берилген транспорт каражаттары жана айдоочулардын жана жумушчулардын төлөнбай жаткан эмгек маяналарын КР мыйзамынын чегинде карап чечүү боюнча КР транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти тарабынан заказчы катары «Лонг Хай» ЖЧК компаниясына, 2018-жылдын 24-январында № 04-4/137 жана                    2018-жылдын 7-февралында № 04-4/229 сандуу кайрылуу каттары жөнөтүлгөн жана Министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат.
  2. Тоң району боюнча 2017-жылы асфальт тѳшѳѳ жумуштары Бѳкѳмбаев-Кѳл-Тѳр-Дѳң-Талаа автомобиль жолунун 1,3 километрине 5 785,2 миң сом,  Ак-Терек-Дѳң-Талаа автомобиль жолунун 2,7 километрине                    13 890,0 миң сомду түзүп, жалпы 0,5 километрге ашыкча аткарылды. Бодурлоо жумуштары эл аралык маанидеги Тон районунун территориясы аркылуу өткөн Балыкчы-Бѳкѳмбаев-Каракол автомобиль жолуна планда каралган 5 километрдин ордуна 6 километрге аткарылып, наркы 3 441,2 миң сомду түздү. Шагыл тѳшѳѳ жумуштары Бѳкѳмбаев-Кѳл-Тѳр-Дѳң-Талаа автомобиль жолунун 3 километрине 954,0 миң сомго, жол чийимдерин аткаруу жумуштары 8 километрдин ордуна 11 километрде —  800,0 миң сомго аткарылды.

«Капиталдык салымдар» беренеси боюнча каралган район борбору Бѳкѳмбаев айылынын жалпы узундугу 3 километрди түзгѳн Базаров, Ленин, Атакан кѳчѳлѳрүнѳ толугу менен асфальт тѳшѳѳ жумуштары 15 067,1 миң сомго аткарылган. 2018-жылга «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча Бѳкѳмбаев-Кѳл-Тѳр-Дѳң-Талаа автомобиль жолуна 5 000,0 миң сом каралган. Ал эми, учурдагы бюджеттен 2018-жылдын иш-планында Бѳкѳмбаев-Кѳл-Тѳр-Дѳң-Талаа (Коңур-Өлөң айылынын ички) автомобиль жолунун 1 км аралыгына асфальт жабуусун төшөө жумуштары каралган.

 

Ош облусу боюнча.

  1. Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолунун 28-75-километр аралыгын реконструкциялоо долбоорунун алкагында 63-километриндеги Абшыр-Сай суусунда жайгашкан авариялык абалдагы көпүрөнүн ордуна, долбоор боюнча жаңы көпүрө салынат.
  2. Бишкек-Ош автомобиль жолундагы аң-чөнөктөрдү оңдоо иштери календарлык иш-пландын негизинде жүрүп жатат жана сапаттуу оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча министрлик тарабынан тыкыр көзөмөлдөнүп жатат.
  3. Өзгөн районунун кайсы жолдору боюнча так суроо берилбегендиктен, так жооп берүүгө мүмкүнчүлүк жок, ошого карабастан Өзгөн району боюнча министрлик тарабынан 2018-жылы аткарыла турчу иштер төмөндөгүчө:
  4. 2,4 км асфальт жабуусун төшөө жумуштары;
  5. 9 км бодурлоо жумуштары (ШПО) жана калыбына келтирүү жумуштары, учрдагы ондоо иштери юолуп саналат.
  6. Өзгөн районундагы Жаңгакты айылынын ички жолдру министрликтин карамагында турбайт. Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, муниципалдык жолдор муниципалдык менчикте турат. Аларды башкаруу ишин алардын сакталышын, оңдолушун, күтүлүшүн жана өнүгүшүн өз каражаттарынын эсебинен камсыз кылууга милдеттүү.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын (15.07.2011ж. N 101) 18-беренесинин
1-бөлүгүнүн 6-пунктунда, жергиликтүү маанидеги маселелердин бири болуп калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу болуп саналат.

  1. Бишкек-Ош автомобиль жолунун мамлекеттик дирекциясына караштуу (Жинди кана жайгашкан мекеме боюнча) №38-жол тейлөө мекемеси тейлеген Таш-Көмүр-Кызыл-Жар 12 автомобиль жолунун 1 километрине министрликтин 2018-жылдагы иш-планында 1 километр (14,6-15,6 км) аралыгына асфальт жабуусун төшөө жумуштары каралган.

 

АЖБ Башчысы                                                 Алыпсатаров М.

 

 

Тел: 31-43-20