mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2017 – жылдын 24 январь айында КР Транспорт жана жол министри менен жолугушуу болуп өттү.

24 январь айында КР Транспорт жана жол министри Калилов Жамшитбек Калилович менен  Түрк Республикасынын Транспорт жана деңиз коммуникациялар министрлиги алдындагы  авиа кырсыктар тергөө боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары  Мустафа ФИРАТ жана Түрк Республикасынын Жарандык авиация деректирлигинин Генералдык деректору  Хайдар ЯЛЧИН менен  жолугушту.

Жолугушуу учурунда авиа кырсыктан жабыр тарткандарга көнүл айтуу менен  башталды.  Ошондой эле 2017- жылдын 16 – январь айындагы MyCargo авиа компаниясыны  «Боинг-747-400»  аба кемеси  кырсыгына кабылып, курман болгондорго  Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз элине  көнүл айканын билдиришти.  Министрлик, Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсү катары   MyCargo авиа компаниясынын иштери толук аткарылышын көзөмөлгө алаарын Мустафа ФИРАТ баса белгиледи.

Түрция тараптан кырсыкка кабылгандардын баарына материалдык чыгымды кайтарып берүүгө көзөмөл жүргүлөт экендигин айтты. Жолугушуунун негизги максаты Турциянын Өкмөтү тарабынан эмне керек болсо ошонун баарын аткарууга даяр экендигин билдирди. мындан тышкары булл иш чара Премьер –министрдин жеке контролунун астында экенин билдиришти.

Пресс служба