mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

10-январдан 13-январга чейин Каракол-Эңилчек жана Түп-Кеген унаа жолдору  жабылды.

Болуп жаткан суука байланыштуу жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 10-январдан 13-январга чейин Ак-Суу жана Түп райондук мамлекеттик администрацияларынын буйругу менен Каракол-Эңилчек жана Түп-Кеген унаа жолдору автоунаалар үчүн жабылды.

Кыргызгидромет билдиргендей  2023-жылдын 12-январында, күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Төө-Ашуу ашуусунда күн бүркөлүп, Бишкек-Ош унаа жолунун 60-чакырымынан 209-чакырымына чейин КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №9 ЖТИнын кызматкерлери тазалоо иштерин жүргүзүүдө, ошондой эле жолдорду тайгакка каршы материалдар менен толтурууда. Оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөө алынды.

Ушундай эле жумуштарды Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайында №32 ЖТИнын кызматкерлери аткарууда .

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда шамал жүрүүдө, жолдо бардык багыттар боюнча каттамдар бар. Бул жерде жол тазалоочу автогрейдер 0 чакырымдан 30 чакырымга чейин Сары-Таш-Карамык жолунун тилкесинде иштөөдө. Ошондой эле, Чыйырчык ашуусунда №959 ЖТИнын жумушчулары жолду кардан тазалап, инерттүү материалдар менен чачышты.

Ушундай эле иштер Казарман-Акталчат унаа жолунун Кара-Гоо ашуусунда жана ушул райондун башка кесилиштеринде да жүргүзүлдү.

Түп жана Аксуу райондук мамлекеттик администрацияларынын буйругуна ылайык, 10-январдан 13-январга чейин Ысык-Көл облусунун Каракол-Эңилчек унаа жолунун 38-чакырымынан 112-чакырымына чейин транспорттун бардык түрлөрү үчүн жабык. Түп-Кеген унаа жолунун аймагында күн бүркөлүп, 42-чакырымында кар күрткүсү күтүлөт, нөөмөттө турган техниктер жана жумушчулар аба ырайы жана климаттык шарттар мүмкүнчүлүк бергенде трассаны тазалап, инерттүү материалдарды кошууга даяр турушат. Барскоон-Ак-Шырак, Сөөк-Каракол унаа жолунун айрым тилкелеринде аба ырайына жана климаттык шарттарга байланыштуу авто уналардын  жүрүүсү чектелди.

Аномалдуу суука байланыштуу ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жасалма тыгындарды жаратпоо үчүн ашуулардагы каршы тилкеге чыкпай, ынтымакта болууну сунуштайбыз.

Ошондой эле КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги  министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн жалпак жерлердеги кардын чынжырларын алып салуу керек.

Мындан тышкары, өтмөктөрдөн өтүүдө көйгөйлөр жаралбашы үчүн жолго чыгаар алдында унаалардын техникалык абалын текшерүү зарыл экендигин эскертебиз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы