mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

10-апрель күнү транспорт жана жол министрлигинин жолчулары ашууларга жааган карды тазалашты

9-апрель түнү жана 10-апрель эртен менен республиканын көпчүлүк ашууларында, жана тоолуу аймактарда кар жаап, бороон-чапкын болду. Жааган кардын калындыгы 20-25 см жетти.
Нарын-Оруктам автожолунун 60 км кар көчкү түшкөн. Жолчулар 10-апрель танында жолду атайын техника менен тазалап, 2019-2020-жылга даярдалган инерттүү материалдарды себишти.
Транспорт жана жол министрлиги ашуулар аркылуу кеткен айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, жанында күрөк, чынжыр алып жүрүү керек экендигин дагы бир ирет эскертет.
Унаалар ортосунда 500 метр аралыкты сактоо, кар көчкүнүн алдында калуудан сактайт.